Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Вирустун жайылышы коркунучтуу болууда, кайдан жуктурганын билбей кайрылышууда

Вирустун жайылышы коркунучтуу болууда, кайдан жуктурганын билбей кайрылышууда

29-апрель, 15:40
758 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Күн сайын коронавирус менен ооруган бир нече адам аныкталып, алар кантип жана кимден жуккандыгын билишпейт. Бул тууралуу 29-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жыйын учурунда билдирди.

"Коронавирустун жайылуусу коркунучтуу болууда. Күн сайын 10-20 жарандан вирус аныкталат. Көбүнчө үй карантининде жүргөндөрдүн же байкоо жүргүзгөндөрдүн арасында. Бир нече жаңы учурлар бар, алар кайдан жукканын билишпейт", - деди Боронов.

Анын айтымында, айрымдары ооруларын жашырып, өзүн-өзү дарылашат.

Өлкөдө 114 коронавирус инфекциясы аныкталган. Эпидемиологдор жана башка адистер кирген мобилдик топтор ушул аймактардын тургундарын текшерип, маектешип, дене табын текшерип турушат. Зарыл болсо, экспресс-тесттен өткөрүп, жыйынтыгына жараша кийинки ишти уланта беришет.

"Бул иш-аракеттердин натыйжасында, 114 оорунун кантип жана кимден жукканын билбеген тургундар аныкталды", - деп кошумчалады Боронов.


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер