Джек Ма: “Кедейдин өмүрү жакшы жашоону күтүү менен өтөт”

Кытайдын эң бай адамды Джек Ма мындай деп айтыптыр: «Кедей адамдарды ыраазы кылуу баарынан кыйын. Аларга акча берсең, “жөн эле берген жок да” деп ойлошот. “Иште” десең, “иш жок” дешет. “Соода кыл” десең, “акчам жок” дейт. Анда “жумушка кир” десең, “айлыгы аз” дейт. “Биз менен иште” десең, “сеники «сетевой маркетинг» дешет. Бирок, алар интернет чукуганды, Google’дан ар нерсени сураганды, бирөөнүн сүрөтүнө “лайк” басып, шилтеме жазганды жактырышат. Алар профессор сыяктуу ойлонушат, бирок сокурдан дагы аз жумуш аткарышат. Алардан жөн эле сурасаңыз «колуңдан эмне келет?» деп. Жооп бере алышпайт, жооп жок, унчукпайт.
Менин пикирим мындай: «Жүрөк канчалык тез соксо, ошончолук тездик менен кыймылдоого эмнеге болбосун? Кедей адамдар ийгиликсиз оор жашоого бир эле нерсенин айынан чыдай алышат. Алардын өмүрү жакшы жашоону күтүү менен өтөт. Мына ошонун негизинде гана жашашат. Ошондо сиз кимсиз? Чечим сизде!” деген дүйнөнүн эң бай инсаны Джек Ма.
Кызыгы, Джек Манын айткан сөздөрүнүн 95%ы кыргыздардын учурдагы жүрүшүнө тийиштүү сыяктуу. 1940-1945-жылдан кийин дагы адамдар тойгонуна топук кылып жашап калса, азыр адамдарга заманбап жашоого жеткен сайын нараазы болгондор көбөйдү.
Карапайым англис тил мугалиминен техникалык магнатка чейин жеткен Джек Ма өз бизнесин 1999-жылы баштаган. Дүйнө жүзүнө таанымал болгон Ма кызматтан кеткенден кийин кайрымдуулук иштерине көбүрөөк көңүл бурарын айтканы бар.
Ма Юн, Джек Ма деген ат менен белгилүү, кытайлык ишкер жана Alibaba Group’тун негиздөөчүсү. Материктик Кытайдан келген биринчи бизнесмен Forbes журналынын мукабасында көрсөтүлгөн. 2021-жылдын апрелинин ортосуна карата Bloomberg ишкердин байлыгын 51,5 миллиард доллар деп баалаган.