Эсенгул Исаков, коомдук ишмер: “Бизде антимонополдук комитет бааларды көзөмөлдөй албайт”


-- Эсенгул ага, эмнеден улам азык-түлүк, жер-жемиштердин баалары өсүп жатат?
-- Бирден-бир себеби, бизге келип аткан күйүүчү майлардын жогорулашы, айыл чарба өсүмдүктөрүнө колдонулган жер семирткичтердин жана айыл чарба техникаларга керектелүүчү жабдыктардын кымбат болушунан улам баалар күн санап көтөрүлүүдө.
-- Мындай учурда айыл чарба министрлиги кандайдыр бир чара көрүшү керекпи?
-- Айыл чарба министрлиги ушу багытта туура саясат жүргүзсө, кандай жеңилдиктерди бере алабыз (?) деген маселени көтөрүп, фермерлерге алгылыктуу жардам берсе болот эле. МТСтерди түзүп эле тим болбой, анын ишмердүүлүгүнө көз салып туруу керек. “Сиздердин жумушуңарды жеңилдетүү менен бирге өндүргөн продукцияңар да арзан, базарга чыгарганда баалар да ынанымдуу болуусу абзел” дегендей багыт көрсөтүшсө...
-- Айыл чарба министрлиги “үрөндү арзан берип атабыз” деп жыл башында эле айтышкан да, же андай эмеспи?
-- Ооба, фермерлерге үрөндү 30 пайыз арзандатуу менен берип атат. Бирок, органикалык жер семирткичтердин баасы кымбаттап кетпедиби, бу жагын кантебиз? Ушундай нерселердин баарын комплекстүү карап, чечиш керек. А бизде андай болбой жатат.
-- Сиз кайсы бир учурда Германияда болдуңуз эле. Ушу темага байланыштуу эмнени көрө алгансыз?
-- Ал жерде мен болмок тургай, бир убакытка дейре иштеп келгем. Кичинекей нерсени эле айтып берейин: мисалы, бизнесмен дыйкандан бир кило картөшкөнү 35 сомго алат да, дүкөндөргө 36 сомдон сатат. Антимонополия комитети баарын карап, көзөмөлдөп турат. Бизде 35 сомдук картөшкөгө болбоду дегенде 10-15 сом кошуп сатышат. Муну менен айтайын дегеним, антимонополдук комитет андайды көрбөйт жана көзөмөлдөй албайт. Эми айта берсе арман көп да...
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











