Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Биримдик» Кадамжайда: “Евразиялык тандоо – улуттук баалуулуктарды ѳнүктүрүү”

«Биримдик» Кадамжайда: “Евразиялык тандоо – улуттук баалуулуктарды ѳнүктүрүү”

18-сентябрь, 10:44
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын үгүт кербени ѳлкѳнүн түштүк аймагында уланууда. Шайлоочулар менен кезектеги жолугушуу 17-сентябрда Кадамжай районунда болуп ѳттү. 

Партиянын лидерлери жана талапкерлер катышкан жолугушууда «Биримдиктин» тѳрага орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров партиянын программасы башкалардыкынан кескин айырмаланып, реалдуулукка жакындыгы, ишке ашырууга мүмкүн болгондугу менен ѳзгѳчѳлѳнѳ турганын айтты. «Биз куру убадаларды берип алып, аларды аткарбай жүрѳ бербейбиз, биз убадаларды бербей эле кѳптѳгѳн иштерди жасайбыз», - деди ѳз сѳзүндѳ. Ошону менен бирге элдердин биримдиги – Кыргызстандын баардык жерин бирдей сүйүү экенине токтолду. «Ноокат, Кадамжайды кандай сүйсѳк, Нарын, Ысык-Кѳл, Талас, Чүйдү ошондой сүйѳлү. Ошондо элибиздин биримдиги болот, элибиздин ынтымагы артат, ошондо бѳлүнүп жарылуу болбойт», - деди. 

Ал белгилегендей, программанын ѳзѳгүн түзгѳн Евразиялык тандоо идеясы – бул Евразия аймагындагы элдер менен бир туугандыкта, достукта жашап, ѳсүп, ѳнүгүү, жаркын келечекти бирге куруу дегенди түшүндүрѳт.  

«Биримдиктин» тизмесиндеги талапкер Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин ѳлкѳнүн жашоосундагы ролуна токтолуп, добуштарды акчага сатпоого чакырды. «Элге кызмат кыла турган, буга чейин жасаган иштери бар адамдарды шайлап алышыңыздар керек. Биздин тизмеде алдым-жуттум, коррупцияга малынган адамдар жок. «Биримдик» жаңы партия, ѳкмѳттү буга чейин түзгѳн эмес, биздин партияны 30 жылдагы кемчиликтерге айыптоо таптакыр туура эмес» деди. Ошого катар: «Евразиялык тандоо - бул экономикалык жактан ѳнүгүүнү эле түшүндүрбѳйт. Евразиялык тандоо – бул үрп адат, каада-салт, менталитет, улуттук баалуулуктар, руханий мурастарды түшүндүрѳт. Биз Евразия аймагындагы элдер менен эриш-аркакта күн кечирүү менен улуттук баалуулуктарды сактап, ѳнүктүрүүнү жактайбыз. Бир ѳлкѳ – бир үй-бүлѳ деген ураанды турмушка ашырабыз. Биз ар бир адамдын социалдык жактан камкордукка алынуусун жактаган идеологияны сунуш кылып жатабыз», - деди. 

Партиянын талапкери, ишкер Бурун Аманова ѳз сѳзүндѳ пандемия маалында кылган иштерин жогору баалап, ѳз катарына чакырган «Биримдик» партиясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип, кесипкѳй, тажрыйбалуу, мамлекетчил саясый ишмерлер бар болгону үчүн «Биримдик» партиясы менен шайлоого катышып жатканын айтты. Партияга ишеним артып, колдоого алышса, “биримдикчилер” менен биргеликте эл, жер үчүн кызмат кылууга, элдин түйшүгүн кѳтѳрүүгѳ колунан келишинче аракет кыларына ишендирип ѳттү. 

«Биримдиктин» дагы бир талапкери Аргымбай Имаров биримдик менен 4-октябрда партияны колдоого алууга чакырып, «Биримдик» жеңишке жетишсе, Кыргыстандын келечеги кең болорун белгиледи. Анткени, партиянын курамында ѳлкѳнү ѳнүктүрүп, элдин турмушун жакшыртуу колдорунан келчү адамдар чогулган. 

Жогорку Кеңештин депутаты, талапкер Сайдолимжон Джураев кадамжайлыктарга кайрылып, «Биримдикти», анын курамындагы татыктууларды колдоого алууга чакырса, талапкер Памирбек Жолболдуев элдин жеңиши биримдикте экенин айтып, элдин биримдигин камсыз кылуу «Биримдик» партиясынын гана колунан келерин билдирди. Жаркын келечек, экономикалык туруктуулук, элдердин биримдиги үчүн «Биримдикке» добуш берүү керектигин айтты. 

Жолугушуунун соңунда Аскар ажы партия менен талапкерлерге бата тилеп, «Биримдикке» жеңиш, ийгилик каалады. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер