Каныбек Исаков адабиятты жакшы түшүнгөн, дүйнө таанымы кенен окумуштуу
(“Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаевге!)
Сиздердин гезитиңердин 2019-жылдын 3-октябрындагы санында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковго докторлук диссертациясы боюнча суроо салган экенсиңер. Сиздердин сурооңуздарга министр мырза өзү жооп берет деген ойдомун. Ал суроодо менин да атым аталып жаткандыктан, мен да өз оюмду билдирип коюуну чечтим.
Каныбек Исаков билим берүү, илим тармагындагы тажрыйбалуу адис. Мен анын кандидаттык жана докторлук диссертациясына илимий жетекчи болгонум ырас. Менин тажрыйбамдан жалпы эле жетекчилик жөнүндө айтарым, илимий жетекчи деген бирөөнүн диссертациясын жазып бербейт, илимий ишине багыт берет, кеңешин айтат. Мен кимдир бирөөлөрдүн өз диссертациясын башка бирөөлөргө жаздырып алуусуна таптакыр каршымын. Мындай иштер менен алектенбегенимди коомчулук жакшы билет. Каныбек Исаков адабиятты жакшы түшүнгөн, илимий деңгээли жана өзүнүн илимий стили бар, дүйнө таанымы кенен окумуштуу. Анын бир нече эмгектери Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдүн илимий басылмаларында жарык көргөн.
Урматтоо менен академик Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ