Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Зулумдукка баткан дүйнөдө, Түбөлүк – сөз менен музыка

Зулумдукка баткан дүйнөдө, Түбөлүк – сөз менен музыка

12-январь, 09:30
902 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Учурдагы заманбап поэзия ааламынын көрүнүктүү өкүлү, акын Вадим Терёхин, Россиянын жазуучулар союзунун теңтөрагасы. Москвада орус тилинин эл аралык академиясынын вице-президенти жана академиянын анык мүчөсү, Россия боюнча жалпы “Россия жазуучулар союзунун” Калуга облусундагы бөлүмүнүн төрагасы жана Калуга облусунун II даражадагы мамлекеттик кеңешчиси, “Дубалсыз дүйнө” эл аралык поэтикалык кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү, Санк-Петербургдагы Петровдук илимдер академиясы менен искусствонун анык мүчөсү.

1963-жылы Тула облусунда төрөлүп, Казандагы жогорку аскердик ракеталык команданын инженердик адистигин ата-энесинин талабы менен мыкты окуп, көп жыл Байкоңур космодромунда кызмат өтөгөн. Адабиятка болгон кызыгуусу аны өмүр бою коштоп жүргөндүктөн, акыры М.Горький атындагы адабият институтуна келип, чыгармачылык конкурс аркылуу экзаменсиз кабыл алынып, окуп бүткөндөн бери адабият, маданият, искусство жана кинематография тармагында үзүрлүү эмгектенип келет.

“Тарас Шевченко” атындагы бүткүл украиналык адабий сыйлыктын, “Золотой Витязь” атындагы славян эл аралык адабий форумунун сыйлыгынын, “Марина Цветаева” атындагы ж.б. көптөгөн көрүнүктүү, салмактуу адабий сыйлыктардын ээси. 2021-жылы күзүндө Кытай Эл Республикасынын эл аралык Боао поэтикалык фестивалы аны “Жылдын мыкты акыны” деп атады. Кыргыз тилине алгач ирет которулган анын ырларынан бир шиңгил сунуш кылабыз.


Сөз менен музыка

Тыңшачы, чегиртке өзгөчө

Обонун созот меш артында.

Канчалык мерез болсо да дүйнө,

Түбөлүк – сөз менен музыка.


Даңк да, бийлик да, байлык да,

Бир жылт дейт ааламда бир азга.

Келебиз биз да бир жарала,

Түбөлүк – сөз менен музыка.


Жашайбыз кантсек жер үстүндө 

Тынч, жай, дилибиз да таза...

Зулумдукка баткан дүйнөдө,

Түбөлүк – сөз менен музыка.


Алтынчы февралда, 

же эркекзатынан алгачкы кат 

(Неберем Злата Голыжбинага)

Топтоголок шардай курсактын

Ич жагынан сөөмөйүң түртөт.

Абал кандай, караңгыдасың?

Уулбу, же кызсыңбы чүрөк?


Тар эшиктен сыртка чыгасың,

Умтулуп сен жарыкты күсөп.

Менин жапжаш орун басарым,

Ким болосуң “апа” деп сүйлөп,


Ксюшама – айдай тун кызым,

Ал да туулган эле жайында,

Айы жолборс, окшойт жардамчым,

Мендей акын – чоң ата болууңа.


Салам сага көрүнбөс дүйнө,

Келгин бизге, келегойгун сен.

Таш пайдубалдуу кабат үйдө,

Жар сал бизге өзгө демиңен. 

Вадим Терёхин (Россия)


Которгон Алтынай Темирова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер