Акыркы кабарлар
» Коом » Ысык-Көлдөгү "Аалам-Ордо" комплексинин пляжында эки адам чөгүп кетти
Ысык-Көлдөгү "Аалам-Ордо" комплексинин пляжында эки адам чөгүп кетти
19-июль, 18:39

Ысык-Көл облусундагы "Аалам-Ордо" комплексинин пляжында көлгө түшүп жаткан эки адам сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 16-июль күнү саат 20:40 чамасында болгон. Барскоон айылынын 2006-жылы туулган Б.Р. жана 2000-жылы туулган О.А. аттуу тургундары көлгө түшүп жатып чөгүп кетишкен. Милиция жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү үчүн Тоң райондук өлүкканасына тапшырган.