Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүнбек Касмамбетов: “Эгер өтмүштөн сабак албасак, келечекти оңдой албайбыз”

Сүйүнбек Касмамбетов: “Эгер өтмүштөн сабак албасак, келечекти оңдой албайбыз”

21-январь, 09:00
1 492 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда жаңылануу менен мамлекеттик бийлик тутумунда бир катар кескин өзгөрүүлөр болду: президенттик башкаруу формасы тандалып алынды, жаңы Конституция ишке киргизилди, бийликтин вертикалы түзүлүп, мамлекеттик жана жергиликтүү мекеме, органдарынын түзүмү оптималдаштырылып, иш-милдеттери такталды. Анын ичинде мурдагы бийлик тушунда жоюлуп кеткен мамлекеттик катчы институту кайрадан калыбына келтирилди. Ошондон улам, биз бул жолу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбековичти унутта калган улуттук идеологиянын азыркы акыбалы, анын түпкү мааниси жаатында кепке тарттык…

-- Сүйүнбек Сапарбекович, эмне үчүн буга чейин улуттук идеологияга анчалык маани берилбей келди? Ушу тапта мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы моделин түзүү аракети жүрүп жатканын көрүп турабыз. Демек, ага төп келе турган улуттук идеология түзүүнүн шарттары жана аны түптөөнүн негизги өзөгү эмнеде турат? 

-- Мен билгенден, улуттук идеологиясы болбогон бир дагы мамлекет жок. Башмыйзамда жазылбаса же анын концепциясы иштелип чыкпаса эле, ал өлкөнүн улуттук идеологиясы жок (!) дегенди билдирбейт. Алтургай айрым өнүккөн мамлекеттер Конституциясы жок эле жашап жатпайбы. Кеп улуттук идеологияга өз деңгээлинде маани берилишинде же берилбей калышында турат. Азыркы ааламдашуу доорунда жаңыдан өнүгүп келаткан өлкөлөр үчүн жалпы коомдун башын бириктире турган башкы идеялардын иргелип алынып, бир тутумда белгилениши шарт. Ансыз дагы көпкө чайнала беребиз. 

Дегеле, идеология деген эмне? Адегенде ошону тактап алалычы. Биздин башкы максатыбыз – Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, анын көз карандысыздыгын коргоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, өлкөнү ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу. Биздин алдыбызда мына ушундай асыл максаттарды ишке ашыруу үчүн ага шайкеш келүүчү идеяларды тандап алуу милдети турат. Демек, идеология мамлекет менен коомду өнүктүрүүнүн өзөктүү идеялар тутуму болуп саналат. 

Биз үчүн улуттук иделогиянын коомдук-саясый жактан эле эмес, социалдык-экономикалык жана маданий-руханий мааниси да зор, кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгү үчүн керек. Буга чейин деле бир катар улуттук идеологиялардын концепциялары иштелип чыккан, бирок жалындуу сөздөн ары ишке өткөн жок, турмушка ашпай калды. Эми анын себептери көп. Алтургай айрым күчтөр тарабынан бөтөн цивилизациялардын идеяларын таңуулоо аракеттери да болду, азыр да болуп жатат, бирок алардын ички табияты таптакыр башка экен, элибиздин жандүйнөсүнө жуккан жок, кыргыз кыртышында өнө албады. Ошонун айынан ушул кезге чейин чайналып келатабыз да. «Балалыктын солчулдук оорусу» деген ошол, идеология жаатында бир кадам алга шилтеп, эки кадам артта калдык.

-- Көптөн бери башы ачылбай келаткан андай көйгөйлөрдү чечүү үчүн ишти эмнеден баштоо керек, кандай кылсак, кайсы жолдо, кайда багыт алабыз?

-- Чынын айтыш керек, акыбал оор, маселе татаал, көйгөйлөр көп. “Интеллектуалдык дарамети жеткилең, саясый маданияты бар, улуттук баалуулуктарды түшүнөт, улуттук идеологиянын институтционалдык эстутумун алып жүрөт, заман тамырын кармап турат” деген интеллигенция өкүлдөрү көр турмуштун айынан четке сүрүлүп калыптыр. Алардын ордун түз эле базардын бакчасынан бакырып чыккан “псевдоэлитчиктер” басып алды. “Акчанын кулу – кулдун кулу” деп бекеринен айтылган эмес, ар ким өз ордун билиши керек. Менимче, баарыдан мурда чыныгы улуттук элита катмарын кайрадан калыптандырбасак болбойт. Мына ошолор улуттук идеологиянын уюткусу боло алат да...

Мен өткөн жылдын соңунда бир топ окумуштууларды чогултуп, улуттук идеология жаатында кеңири пикир алыштым. Ага чейин деле, андан кийин деле алардан кеп-кеңеш алуу жагын улантып келем. Арасында улуттук идеологиянын тагдыры түйшөлтүп, анын күнгөй-тескейин иликтеп жүргөн адамдар арбын экен, мен ошого кубандым. Көптөгөн жакшы ойлорун ортого салышып, алгылыктуу сунуштарын беришти. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок эмеспи, буюрса, бул багытта баарылап ырааттуу иш алпарабыз. 

-- Азыркы учурдагы негизги көйгөйлөр кайсы, аларды чечүү машакатында жаңыдан кызматка келген мамлекеттик катчы кандай ынанымдарды карманат болду экен?

-- Азыркыдай өткөөл кезеңде коомдогу кайра курумдардын ишке ашуусуна тоскоолдук жараткан негизги көйгөйлөрдүн бири – адамдын же адамдар тобунун, же болбосо кайсы бир коомчулук катмарынын ой жүгүртүү жөндөмүн өзгөртүү өтө кыйын. Аны коомчулук өз алдынча жөнгө сала албайт. Мындай арабөк абалда мамлекет өзү эки тизгин, бир чылбырды колго алууга тийиш. Мамлекеттик катчы кызматы деле ошондон улам кайра калыбына келтирилди окшойт. Мен муну туура түшүнөм.

Маселен, маданият – өтө кеңири түшүнүк. Өзгөчө саясый маданият жаатында көйгөйлөр көп. Саясый маданият улуттук идеологиянын башкы таянычы катары саналат. Ал үчүн жалпы коомдун, анын ичинде ар жарандын ушул багыттагы түшүнүгүн көтөрүү зарыл. Саясый маданият адамзаттын тарыхый жолунда калыптанып калган баалуулуктардын, ички ынанымдардын, жүрүм-турум, жол-жоболорунун турукташкан тутуму болуп саналат.

Өлкөнүн экономикасы менен улуттук идеологиясы бири-бирине жипсиз байланган нерсе, бири-биринен ажырым кароого болбойт. Эгерде калкыбызда саясый маданият болбосо, өлкөдө туруктуу кырдаал орнобосо, Кыргызстан рынок заманынын атаандаштыгына туруштук бере албайт, экономика көтөрүлбөйт, социалдык көйгөйлөр чечилбейт, калк турмушу оңолбойт. Ар жаран өз укуктарын билүү менен бирге коом алдындагы милдеттерин да унутта калтырбашы керек. 

-- Жашырганда не, мурдагы бийлик башындагылар бул тууралуу кайра-кайра айтымыш болуп келишти, бирок баары сөз бойдон калып, жарытылуу иш жүргүзө алышкан жок. Муну ачык айтыш керек да...

-- Аслан мырза, кеп ошондо болуп жатпайбы. Мисалы, азыркы учурда Кыргызстандын эки башкы кесели бар: бири – туташ коррупция, экинчиси – коомчулуктун өнөкөт болуп калган кайдыгерлиги. Экөө тең насилинен бири-бирине чырмалышып, ырбатып жаткан накта социалдык оору болуп саналат. 

Буга чейин мамлекеттик органдар туташ коррупция сазына батып, Кыргызстан дүйнөдөгү өтө коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарына кирип калыптыр. Ошол кездеги бийлик тарабынан ага каршы күрөшүү боюнча бир топ чечимдер кабыл алынып, аны менен күрөшүмүш болуп келди же тимеле аёосуз күрөшүп жаткандай түр көрсөтүп турду. Анын жыйынтыгын көрдүк, коррупциялык жосундар андан бетер күчөбөсө, азайган жок. 

Албетте, жедеп тамырын терең сайган, бутагын кенен жайган жемкорлукка каршы күрөшүү оңой эмес. Ошентсе да, дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга таянып, иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүбүздү эске алуу менен биргелешип, натыйжалуу жана ырааттуу күрөш жүргүзө алсак, коррупциялык жосундарды кыйла кыскартса болот. Буга эл аралык тажрыйбада бизге үлгү боло турган мисалдар арбын. 

Президентибиз бекеринен өзүнүн эң алгачкы кадамын “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө” жарлыгын кабыл алуудан баштаган жок да, туурабы? Ал киши акыркы жылдары кыргыз коомчулугунун канчалык деңгээлде деградацияга учураганын баамдаган чыгар. Анткени, өөдүк-сөөдүк сүйлөнгөн кургак сөз, куру убада, өз алдынча акыл тегерете албаган адамдар менен өнүккөн өлкөнү куруу мүмкүн эмес. 

Мындай арабөк абал мамлекеттин ырааттуу өнүгүү ыргагын тушап, экономикабызга өз кесепетин эле тийгизбестен, коомдун саясый жана социалдык-экономикалык, маданий-руханий жактан өнүгүшүнө да жолтоо болору бышык. Экономика өнүкпөсө, калкыбыздын социалдык көйгөйлөрүнүн бир жаңсыл чечилиши кыйын. Дегеле, коомубуз руханий жактан тазара албаса, калган жагынан деле жарытылуу жакшыра албайт. Муну турмуш көрсөттү. 

-- Ушу тапта элибиздин мамлекеттик бийликке карата ишеними тууралуу ар кандай кептер, түкшүмөлдөр байма-бай айтылып келет. Бул жагына кандай деңгээлде баа бересиз?

-- Албетте, ишенимсиз өсүш жок. Президентибиз Садыр Жапаров адегенде эле: «Биз бул жолу элибиздин мамлекеттик бийликке карата ишенимин калыбына келтиребиз. Ага эркибиз да, күчүбүз дагы жетет» деп өз оюн таасын, так билдирген. Элдин мамлекеттик бийликке карата ишеними, биринчи кезекте, дал ушу мамлекеттик бийликтин, анын ичинде аткаруу багытынын жигердүү иш-аракетине жараша болору бышык. Карапайым калкыбыздын калың катмары “баатыры – бир, бийи – миң” ар кандай башаламандык менен олку-солкулуктан тажап бүттү. 

Азыр андай аракеттердин алгачкы натыйжалары жыйынтыкталып жатат. Жаңы бийлик башында эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, социалдык теңчиликти камсыздап, экономикасы өнүккөн мамлекетти куруу милдетин алган, ишеним арткан элине убада берген. Ошондон улам, буга чейин башаламан болуп келген мамлекеттик бийликтин вертикалы түзүлүп, мамлекеттик түзүмдөрдүн иш-милдеттери кайрадан ыраатташтырылды, аларды коррупциядан тазалоо жаатында кескин чаралар көрүлө баштады. 

Буюрса, жыйынтыгы жаман эмес, 2021-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 311 миллиард сомду түздү. Ал эми 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси өлкөнүн жалпы ички дүң өнүмүнүн дээрлик 40 пайызын же 400 миллиард сомду түзүүгө тийиш. Ошондой эле 2023-жылы 500 миллиард сомго, 2024-жылы 560 миллиард сомго жеткириле турганы белгилүү болду. Бул көрсөткүчтөрдү өткөн жылдар менен салыштырып көрсөңөр болот, асман-жердей айырмасы бар. Албетте, бул азыркы бийликтин өтө амбициялуу планы, бирок анын аткарылышына толук мүмкүнчүлүктөр бар.

-- Сөз соңунда мамлекеттик катчы катары жалпы кыргыз жарандарына дагы кандай насаат айткыңыз келет? Эмесе, өзүңүздү көптөн бери түйшөлткөн ойдон бир сабак...

-- Кезинде улуу ойчул Папандреу аксакал минтип айткан экен: «Өлкөң бай болуп, элиң билимсиз болсо – жаман. Өлкөң бай болуп, элиң билимдүү болсо – жакшы. Өлкөң жарды болуп, элиң билимдүү болсо – ага деле чыдоого болот. Ал эми өлкөң жарды болуп, элиң билимсиз болсо – андан өткөн кордук жок!» деп. Калетсиз сөз. Ар бир кыргыз жараны жеке өзүнүн парасат деңгээлин көтөрүү аракетин жасашы керек. Коомдун мүчөсү болуп туруп, андан сырткары калууга эч кимдин акысы жок.

Мен кызматка дайындалгандан бери калк арасын аралап, ар кандай иш-чараларга катышып, көптөгөн жолугушууларды өткөрүп жатам. Негизинен кыргыз элинин башынан келаткан улуттук баалуулуктары, нукура каада-салт, көөнө маданият, адамдарыбыздын нарк-насили, аларды унутта калтырбоо тууралуу сөз жүрөт. Кыргыз эли – 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, анын ичинде тарыхый эстутуму кыйла калыптанып калган улуу журт. Тилекке каршы, азыркы ааламдашуу доорунун шарданы менен аларды жоготуп же кемитип алуу коркунучу да жок эмес. 

Кыргыз баласынын нарк-насили – биздин бирдиктүү уңгубуз, жүрүм-турумубузду ыраатка сала турган, көп кылымдардан бери тандалып-иргелип отуруп, мезгил сынынан тайгылбай өткөн тартип эрежелеринин топтому. Эгер биз түптүү эл, эгемен мамлекет катары нарк-насилибизди кастарлап сактай алсак, аны өз турмушбузда ырааттуу колдоно алсак, анда биз келечекке кызмат кылуу үлгүсүн өз урпактарыбызга эле эмес, дүйнө элдерине да көрсөтө алабыз.

Ал эми улуттук идеология, анын ичинде калкыбыздын саясый маданияты жарандарыбыздын жеке ынанымын, алардын башка адамдар менен болгон мамилесин туюнтат, адамдын коомдо ээлеген ордун аныктайт. Саясый маданият жалпы мамлекеттик идеологиянын, тагыраак айтсак, улуттук идеологиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 

Кантсе да, бүткүл адамзат – бир бүкүлү дүйнө, кыргыз эли – анын бир бөлүгү! Азыркыдай ааламдашуу доорунда жамы адамзат өнүгүүсүнөн четте калууга акыбыз жок. Бирок, биз жалпы адамзат дүйнөсүнө нечендеген кылымдардын сыноосунан тайгылбай өткөн улуттук өзгөчөлүгүбүздү, салт-санаабызды, руханий баалуулуктарыбызды сактоо менен кирип, өзүбүздүн татыктуу ордубузду табууга тийишпиз.

Ошон үчүн баарыдан мурда кайдыгерликтен арылып, кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо ишине жигердүү катышуу менен саясый маданиятыбызды көтөрүү аркылуу өзүбүздүн улуттук идеологиябызды бекемдешибиз керек. Эгерде биз өтмүштөн сабак алсак, болумушту көзөмөлдөй алабыз, болумуштан сабак алсак, келечекти көзөмөлдөй алабыз!


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер