Азимбек Бекназаров: “Биздин чиновниктер итче да жок!”
Урматтуу мекендештер!
Саясый коррупциядан айрылгысы келбеген, башында С.Ш.Жээнбеков турган Кыргызстандын бийлиги, кезектеги Жогорку Кеңешке болгон шайлоону, адилет, таза өткөрө албаганынын кесепетинен, бийликтен кетүүгө аргасыз болгонуна жыл айланууда. Ошондон берки бир жылдын ичинде өлкөбүздө кандай окуялар болду? Эмнелер өзгөрүлдү жана аткарылды? Эмне үчүн бир жыл бою Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөн жок? Азыркы жаңы бийлигибиз, өзүбүз ошол былтыркы окуядан сабак, тыянак чыгарып, быйыл адилет, таза шайлоо өткөрө алабызбы?
Ушуларга жооп ала турган күн, 28-ноябрь, Жогорку Кеңештин депутаттарын тандоо күнү жакындап калды! Кыргыздарды бүткүл аалам элдери, айрыкча тектеш бир тууган коңшуларыбыз «эми кыргыздар кантээр экен, чындап эле адилеттүүлүктү сүйгөн эркин, баатыр элби, же башаламандыкты уюштурушкан күчтөрдү ээрчий берген тополоңчуларбы?» дешип, байкап, сынап карап турушат.
Үч «ыңкылап» жолу менен бийлик алмашууну иликтеген адам катары, эгерде 28-ноябрда таза, адилет, тынч шайлоо өткөрүлбөй, кайра шайлоо дайындалса, мурдагы жана кийинки шайлоонун баардык чыгымдарын, башка кесепеттердин зыянын, чыгашасын, Конституция, мыйзамдар боюнча шайлоону даярдоо, уюштуруу, тынч, таза, адилет өткөрүү милдети жүктөлгөн тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеке эсебинен төлөтүүнү сунуштайм. Аларды ээлеген кызматтарынан бошотуп коюу аздык кылат. Алар ансыз да ушундай жагдайларда өзүн дайындаган президентин, иштеген ордун таштап качып кетүүнү мода кылып алышкан. Аны Жээнбековдун командасынын мисалынан алып караса толук далилдүү болот. Адам эмес ит дагы өзүнө сөөк берген кожоюнун, жаткан жайын таштап кетпейт! Биздин чиновниктер итче да жок! Анан эле «экс» катары мамлекеттик иш-чараларда жүргөнүн, төрдө отурганын көрөсүң! Так ушулардын кылмыштуу шалаакылыгынын айынан, мыйзамдуулук сакталбай, адилеттүү шайлоо өткөрүлбөй, башаламандыкка жол берилип, элибиз, мамлекетибиз орду толгус саясый-моралдык жана өзгөчө ири суммадагы материалдык зыянга кабылууда. Адатка айланып бараткан ушундай көрүнүштөргө эмитен катуу чара көрүү, бөгөт коюу жагын кароону да сунуштайм!
Терең урматым менен
Азимбек Кыргыз