Садыр Жапаров менен Махатхир Мохамадды салыштырып...
Фейсбук колдонуучулары эми Садыр Жапаров менен Махатхир Мохамадды салыштырып көрүштү.
Малайзиянын коомдук ишмери Махатхир Мохамад 94 жашта;
Садыр Жапаров 52 жашта;
Бир аптада Махатхир 90 млрд. доллар казынага түшүргөн;
Бир айда Садыр 28 млн. доллар каражатты көмүскө экономикадан бюджетке түшүрткөн;
Эми силердин оюңарча, кимиси энергиялуу, эрктүү, принциптүү, айтканын айткандай эркекче аткарды?
Биздегидей болуп Махатхир алдын ала “кыйратам, Кумтөрдү улутташтырам, тигини камайм, кустурам, люстрация” ж.б. дебептир. Ал алдын ала эч нерсени айтып мактанбай эле миллиарддарды казынага түшүрүп, камачусун камап, кустурчусун кустуруп коюптур. Ага Конституция деле жолтоо эмес экен, референдум деле керек эмес экен. Унчукпай эле, элди кыдырбай эле, актанбай эле, “деги таза адам калбай калыптыр” деп какшабай эле, чүкөдөй болгон карыя баарын тартипке салып жатат дейт. Оппоненттери менен деле иши жок имиш.
Карыя Махатхирге колкабыш кылып, түйүндүү орундарды башкарып, жардам берген достору деле жок экен, алар эчак сөөктөрү сөпөт, устукандары упат болушуптур. Эчкинин жашынча жашы барбы-жокпу иштеп жатат. Мына ушуну “эл адамы” десе болот. Махатхирдин ушундай сапаттарын тарапташтары деле айга-күнгө теңешпейт экен.