Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жийде Зоотбекова: “Жездебиз баласын лезвия менен бетин тилип салыптыр...”

Жийде Зоотбекова: “Жездебиз баласын лезвия менен бетин тилип салыптыр...”

19-июнь, 13:50
1 009 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кесиптешибиз журналист Жийде Зоотбекова үй-бүлө маселери боюнча кеңири долбоор ачууну көздөп, үй-бүлө эксперти болуп ар убак талылуу маселерди козгоп, жакшы кеңештери менен бөлүшүп келет. Биз бүгүн Жийде менен азыноолак маек курдук. 

-- Жийде, айтсаң, мойнуна дөңгөлөк байланган аял ачыкка чыкпаган көп кыргыз аялдарынын турмушун чагылдыргансыды. Коомдон дагы мындай окуяларды кездештиресиңби?

-- Мен аялдарга болгон зомбулукка каршымын. Алты жылдан бери өзүм иштеген телеканал аркылуу ушул темада берүү жасап келем. Мойнуна дөңгөлөк байланган эжени көрүп, бир окуя эсиме түштү. 

Сөз башынан болсун. Менин бир таежем бар эле, 17 жашынан күйөөгө тийип кетти. Айылда турат эле. Күйөөсү ичип аны урганда, күн-түн дебей биздин үйгө кичекей баласын бооруна кысып качып келчү. Улуу баласы бир күнү атасы менен калыптыр. Мас болгон таажездебиз өз баласын лезвия менен бетин, чекесин тилип салыптыр. Кечирим сурап, кайра алып кетти. Ажырашып-жарашып отуруп, андан төрт бала төрөдү. Азыр ошол бала 16 жашта. 

Бирок, эркектерди күнөөлөгөндөн алысмын. Анын баары үй-бүлөнү пландабагандыктан, ата-эне балдары менен жар тандоо туралуу көп сүйлөшпөгөндүктөн, билимсиздиктен, эптеп кызын калың алуу үчүн эрге берип жибергендиктен деп ойлойм. 

-- Көрүнүп-көрүнбөгөн мындай үй-бүлөлүк зомбулуктардын кантип алдын алса болот?

-- Мектепте 6-7-класс окуп жатканда эле ата-энелер жигит, кыз менен сүйлөшүп атасыңбы? Сага кандай мамиле кылат, эмне деп жазат, эмне сөз айтат?” деген сыяктуу суроолорду берип, кызы, уулу менен жакын болушу керек. Жакшы кыздар (жигиттер) сени сыйлап турат, катуу сүйлөбөйт, таза, тыкан болот деген сыяктуу мисалдарды айтып туруу шартӨзүнүн башынан өткөн тажрыйбасы менен бөлүшүп, ошол катаны кайталабагандай айтып турушу керек жана уул-кызы  болобу, эң биринчи окутуу зарыл. 

Мектеп куракта (кыз-жигит кезинде эле) биздин коом адистер менен кеңешип иш кылышса жакшы болмок. Адистердин айтымында, үйлөнгүсү келгендер социалдык абалын дурустап алышы керек. “Кайда жашайт? Финансы жагы кандай болот? Туугандарга кандай мамиле кылабыз?” деген маселени түшүнүшүп алуулары  абзел. Үйлөгөн соң 1-2 жыл келинге жаңы туугандары көнгүчө, батып алганча, балалуу болбой туруш керек деп ойлойм. Ошол адам менен жашап кетет деген кепилдик жок. Себеби, боюнда бар кезде нерв болгон аялдын баласы ыйлаак болот, ыйлаак бала эгоист болот экен. 

Үй-бүлө болгондон кийин казан-аяк кагышса, психологго барып кеңеш алып турууулары шарт. Ата-эне, туугандарга айтып, абалды курчутпаш керек. Бирок арак ичкен, баңги, уруп-сабоо фактылары болгон болсо, дароо туугандарга кабар берип, ал жашоонуу ары же бери кылып салганы эле дурус. Бул ойду психологдор да айтышат. Үй-бүлө коомдун ячейкасы. Үй-бүлө – күчтүү мамлекет бактылуу үй-бүлөдөн куралат.


Тагдыр тамчы 

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер