“Ажылыкка алып баруу – бул чоң каражат табуучу бизнес экени белгилүү”

-- Умрага барып, анан "ажы той" берүү ысырапкорчулук эмеспи? Негизи эле ажылыкка баруудагы киреше-чыгашалар көзөмөлдөнөбү? Эмнеге ачык маалыматтар айтылбайт?
Элмара Турсуналиева, алпаруучу:
-- Ажылыкка алып баруу – бул чоң каражат табуучу бизнес экени бештен белгилүү. Акча аралашкан жерде дин жана тазалык болбойт. Ажылыктын акчасынан башка ал жактан зыяратчылар миңдеген долларга Кытайдан чыккан эле сувенирлерди сатып алышат, тамак-ашка толтура акча калтырып келишет. Башкысы, бул бизнестин схемасын еврейлер иштеп чыгып, кытайлардын техникасы менен улантышууда. Ал эми “ажы той бериш керек” дегенди биздикилер эле ойлоп таап, нак ысырапкерчилик ошол жерде уланып атат. Мамлекетибиз мыйзамдуу түрдө буга тыюу салышы керек.
Нурлан Калыбеков, акын:
-- Умрага барып, ажы той берип, ысырапкорчулукка жол беришсе, көзөмөлдөп, салык салып коюш керек. Бюджеттке пайда!
"Азия Ньюс" гезити