Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » -- Асылбек Жээнбеков менен Иса Өмүркуловдун атын сатып, ашыкча мактанып койдуңузбу?..

-- Асылбек Жээнбеков менен Иса Өмүркуловдун атын сатып, ашыкча мактанып койдуңузбу?..

07-октябрь, 10:31
762 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Миллионер Каныбек Туманбаевге!)

Кээде айрым курч материалдарды гезитке чыгарсаң чычалап кетишип, “кара пиар, шыбап атат” деген сыяктуу кептерди агытып калышат. Андыктан, маалымат майданындагы башка ыкманы колдонуп, суроо берүү менен жумшак формага өтүүгө туура келет. Бу саам коомчулукка анчейин белгисиз, бирок миллионер катары Кыргызстандагы байлардын катарына кирип калган Каныбек Туманбаевге собол ыргытып, жообун алууга аракет кылмакчыбыз.

-- Каныбек мырза, сиз 2012-жылы үйлөнүп, айтылуу шопур Икрам Илмияновду өкүл ата кылуу менен ооматка жетип, бизнестеги чыйырыңызды баштадыңыз беле?

-- 2012-жылга чейин Аксынын РЭСинде контролёр болуп жүрүп эле кыска аралыкта кантип миллионерге айландыңыз?

-- Айтмакчы, Илмияновдун байлыктары сизге катталганы ыраспы? Аны менен азыр мамилеңиз кандай? Түрмөгө тамак ташып турасызбы?

-- 2020-жылкы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясы менен аттанууга даярданып, 1,5 миллион долларды штабга которуп койдуңузбу?

-- Тарапташтарыңызды ынандыруу үчүн көбүртүп-жабыртып, “Замандаш” партиясынын экинчи тизмеси менен Асылбек Жээнбеков, төртүнчү орунда Иса Өмүркулов, мен болсо бешинчи орунда баратам” деп мактанып жүрөсүзбү?

-- Асылбек Жээнбековду өкүл ата кылууну пландап атасызбы?


Сакен БӨРҮБАЕВ

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер