Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Адил Турдукулов: “Алдыда реваншисттик күчтөр тополоң салууга аракет жасашат”

Адил Турдукулов: “Алдыда реваншисттик күчтөр тополоң салууга аракет жасашат”

14-январь, 19:21
1 971 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Садыр Жапаров шайлоодо ат салышкан атаандаштарын кызматташууга чакыра турганын билдирди. Бирок, айрым оппоненттери чектен чыгышып, элдешкис маанайдагы сөздөрдү айтып алышкан. Бул жагынан тандоо жолу менен сүйлөшүүлөр уланабы?

-- Менин баамымда, Атамбаев президент болуп турганда эң башкы жетишкендиги – таза шайлоо системасын киргизгендиги. Аны Жапаров өзү да эми тааныды. Муну адилеттик үчүн белгилеп коюшубуз абзел. Албетте, азыр деле административдик ресурсту пайдалануу ачык байкалды. Бирок, мурдагыларга салыштырмалуу анчалык аша чабууга барышкан жок. Балит шайлоонун себеби дайыма болуп келген, бул саам добуштарды сатуу көп байкалбады. Ошондуктан шайлоо тилкесине келген адамдардын саны мурдагыга караганда кыйла аздык кылды. Мындан тышкары, “форма-2ни” алып койгону – ички миграция күч алган мамлекетибизде көбүн шайлоо укугунан четтетти. Садыр Жапаровдун рекорддук 80% алганы – өзү айткандай күтүлбөгөн нерсе болду. Мындай жыйынтык менен ал оппозицияга колун шилтеп койсо деле болмок. Тескерисинче, Жапаров саясый атаандаштарына, алардын чектен чыккан, радикалдык сөздөрүнө карабастан бир командага биригүүгө чакырыгы – лидердин чынында утурумдук эмес, чоң миссиясы бар, кекчил эместигин айгинелейт. Өзүн айкөлдүк сапаттагы бирдиктүү улуттук башчы катары сыпаттайт. Эгерде конструктивдүү, мекенчил оппозиция, жарандык коомдун өкүлдөрү мамлекеттин келечегин ойлошсо, макул болушкандары оң. Сунган колду чанбай кабыл алышарына үндөйм, үгүттөйм! Анткени саясаттан экономикага, коронавирус илдети менен күрөшүүгө көңүл бурбасак, эртең элге оор болуп калат. 

-- Айтмакчы, Абдил Сегизбаев менен Каныбек Иманалиевди камакка алуу аракети ишке ашабы?

-- Каныбек Иманалиевди чынында эмне үчүн камакка алыш керек экенин билбейт экенмин. Сегизбаев болсо мурун эле камалыш керек эле. “Текебаев, Чотоновдун иши кайра каралсын” деген чечим чыккандан соң башкы прокуратура мыйзам негизинде Сегизбаевди жоопко тартса болмок. Ал гана эмес, ошол ишти аткарган адамдар дагы айыпталууга жыгылышары зарыл эле. Абдил Сегизбаев жарандык коом өкүлдөрүн жана оппозицияны каралоо жагынан мурунку бийликке мыкты кызмат кылып бергени үчүн УКМКга жетекчи болуп дайындалган. Ал жактан атайын кызматтын ресурстарын аша чапкандык менен саясый куугунтук жүргүзүп берди. Ошондуктан Сегизбаев “Белизгейт” үчүн гана эмес, ошол убактагы оппозиционерлер – Талгарбеков, Колубаев, Султанов, Калматов, Сарыгулов, Кунакунов, Кадыров, Асановду мыйзамсыз камаганы, саясый туткундарды эзүүгө алганы боюнча камалса адилеттүүлүктү көрмөкпүз! 

-- Садыр Жапаров толук кандуу бийликке келгиче эле күчтүү оппозиция баш көтөрүп калды. Иштеп кетүүсүнө катуу бут тосуулар болобу?

-- Дүйнөдө жаңы шайланган президентке, берген убадаларынын тоскоолдуксуз аткарыла башташына жок дегенде 100 күн берилет. Бул жазылбаган, бирок ар кайсы саясый топтордун, оппозициячыл дагы тараптын кынтыксыз аткарылган эреже, калыптанып калган салт. Эл добушун алган лидерге баштапкы ишин даана көрсөтүп, өзү ишенген командасын топтогонго жол түзүлөт. Биз дагы Садыр Жапаровго ошондой мүмкүнчүлүк берели. Ошону менен кыргыз саясый маданиятын да бир тепкичке көтөрөбүз. Жаңы келген ажобуздун дагы өзү максат кылган программасын ишке ашырышына жол ачабыз. Шайлоонун эртеси расмий жыйынтык чыга электе эле биздин тышкы негизги өнөктөштөрүбүз Евробиримдиги, Кытай, Россия, АКШ, Түркия, Казакстан, Өзбекстан тарап жаңы бийликти тааныды, ошону менен биз өлкө катары легитимдүүлүккө жетиштик. Бул нерсе коңшу бир тууган өлкөлөрдүн, килейген державалардын дагы негизи бизге оң, түз көз карашта экенин айгинелейт. Эң оболу алардын каалоосун бириктирген бир нерсе бар – Кыргызстанда бейстабилдүүлүк болбой, Кудай өзү сактасын, граждандык согуш чыгып кетпесин (!) деген эле тилек. Анткени бизде чыр-чатак чыкса, ал Борбор Азия аймагында дагы ар кандай кандуу, Сирия, Йеменге окшош окуяларга себеп болушу мүмкүн. Ошону биз дагы эч качан эстен чыгарбасак. Биз, кыргыз эли, Манас атабыздын колдоосу менен саясый туруктуулуктун өбөлгөсүн жараттык. Митинг, басып алуу аркылуу менен эмес, мыйзамдуу, эркин, атаандаштык негизде өткөн шайлоо аркылуу элдин мандаты менен жаңы бийликти түзө алдык. Бул биздин кыйчалыш жаңы тарыхыбызда чанда кездешчү, абдан жакшы көрүнүш, прецедент. Жапаровго каршылаш пикири болгон саясатчыларды мамлекеттин келечегин ойлоп, кескин реформага барууга жол ачып, азырынча бут тоспой турууга чакырат элем. Анткени, анын кечээ күнү “убадаларым аткарылбаса, ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбес” деп көзүнө жаш алып, жар салган кеби инаугурацияда Конституцияга кол коюп айткан анттан да артык.

-- Жазга карай саясый кырдаал оорлошо турганы болжонууда. Элдин турмушу, социалдык-экономикалык абал начар... Кайрадан парламенттик шайлоонун өтүшү күтүлүүдө. Бийликке каршы саясый күчтөр реванш алууга үстөмдүк жасашпайбы?

-- Экономикадагы абал начар. 5-октябрдагы тополоң – шайлоонун жыйынтыгы эмес, чындыгында жалпы улуттук социалдык депрессия болгон. Бийлик институттарынын баркы эң төмөн деңгээлге түшүп кеткен. Буга өзгөчө президент, өкмөт коронавирус илдетине туруштук берүүгө алсыз экенин көрсөттү. Бийликке карата ишенимди кайтаруу Жапаровдун негизги маселелеринин бири. Буга кландык эмес, адилеттүүлүк башкаруу менен жетиши мүмкүн. Жаңы шайланган президенттин сөзү ишине дал келеби – бул парламенттик шайлоо менен белгилүү болот. Жогорку Кеңешке карата шайлоо жаңы тартипте өтөт. Жарымы бир мандаттык, жарымы партиялык тизме аркылуу. Бир жагынан бир мандаттык шайлоодо административдик ресурсту колдонуу чектелүү дечи, бирок ал жол аркылуу капчыктуу олигархтар гана келиши мүмкүн. Экинчи жагынан өзү өткөн аймактагы шайлоочуларына карата жоопкерчилиги өсүп, жергиликтүү маселелерди чечүүгө көбүрөөк аракети болот. Эски реваншисттик каршылаш күчтөр кайра партиялык система менен бийликке барууга аракет жасашат. Кайрадан эле добушту сатып алууга ашыккандар чыгышат. Шайлоонун жыйынтыгын тааныбай, кайра тополоң жасаганга аракет болот, бирок ишке ашпайт. Анткени жаңы келген бийликтеги кредит ишеними ага чейин түгөнүп калбайт... 

-- Мурдагы бийликтин тушунда деле кадр саясаты жыргап кеткен эмес. Ал эми октябрь төңкөрүшүнүн шарданы менен бир топ тажрыйбасыз адамдар аткаруу кызматтарына келишти. Алардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүн көрсөтө алышпай, учурда мамлекетибиз ар тарабынан аксагандай сезилүүдө. Садыр Жапаров “тоңгон музду жарып”, командасына чечкиндүү түрдө профессионалдарды тарта алабы?

-- “Революциялык муктаждык” деген түшүнүк бар. Элдин көчөдөгү деми, митинг менен келген лидер аны ошол убакта колдогон адамдарга моралдык жагынан көз каранды. Экинчиден, кээ бир каршылаштарын бийликке тартуу аракетин да жүргүзөт. Адискөйлүк экинчи планга кетет. Бул түшүнүктүү, убактылуу процесс. Ошондуктан мындай убакта Жапаровдун жанында кээ бир авантюрист, популист адамдардын болуп калганы нормалдуу көрүнүш. Алардын айрымдарынан шайлоого чейин эле арылды. Эми болсо Жапаровдун жалпы элдик ишеними, мандаты бар. Андыктан өзү айткандай, эски бийликке окшоп бир туугандарын, шопурларын тартпай, профессионал, мекенчил инсандарды бийликке алып келиш керек. Антпесе өзү убада кылган реформаларды ишке ашыра албайт, Кыргызстан туңгуюктан чыкпайт, кайра бийликти күч менен алмаштырууга шарт түзүлөт. 


Асланбек Сартбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер