Акыркы кабарлар
» Саясат » “Ийин казган суурдай дүңүрөңдөгөн” Кашкар Жунушалиевдин бажасы
“Ийин казган суурдай дүңүрөңдөгөн” Кашкар Жунушалиевдин бажасы
05-март, 13:27


Качып кеткен Кашкар Жунушалиевдин бажасы Айбек Ажыбаев Бишкек ШИИБнин орун басары катары элдир-селдир иштеп жүрөт. Өздүк курамдагылардын айтымында, ал түшкө чейин кооз сүйлөп, короздонуп, көрүнгөндү айтып, анан түш оогондо “куйругун түйгөнү” кандай? Жеке иштерин бүтүрүү менен көңүл ачууга ышкыбозбу? Жашыруун жайга барып, “ийин казган суурдай дүңүрөңдөп”, эмне жорукту кылат ыя? Бул суроолор участковыйларга чейин талкууланып, жандырмагын биле алышпай (билсе да айтканга ооз барбай), чайналып жатышабы? Полковник даражасына чейин жетип, бакыйган кызматты ээлеп, мамлекеттен айлык алып аткан соң, ириде милдетин так аткарып, андан соң “оюн салып” кете берсе не?..
"Азия Ньюс" гезити











