Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чубак ажы Жалилов: “Төөнү тушап, андан соң Кудай Таалага тапшыргыла!”

Чубак ажы Жалилов: “Төөнү тушап, андан соң Кудай Таалага тапшыргыла!”

23-март, 23:11
1 156 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бисмиллаахир рохмаанир рохиим!

Мекендешке насаат кеп!

Ар кандай ооруга анын шыпаасын кошо жиберген Кудай Таалама чексиз мактоолор, оору таралса, андан кантип сактануунун жолун көрсөткөн Мухаммад мээрим пайгамбарына салам жана салаваттар болсун!

Урматтуу Кыргызстандыктар, чет жерде эмгектенип, жашап жана окуп жүргөн мекендештер, бир туугандарым!

Акыркы күндөрү дүйнө жүзү жаңы оорунун түрүнө кезигип, өзгөчө кооптонуп турган мезгил. Азыр эң башкысы, Кудай Таалама тобокел кылуу менен коопсуздуктун жөнөкөй эрежелерин сактоо жолу аркылуу гана мындай катаал мезгилди жеңип чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Мээрим пайгамбары Мухаммад алейхис саламдын “Төөнү тушап, андан соң Кудай Таалага тапшыргыла!” деген осуяты негизги эреже болуусу кажет.

Урматтуу тууганым! Кайсыл гана мамлекетте болбоңуз, жашаган жериңизден мүмкүн болушунча сыртка чыкпаңыз. Өтө зарыл болбосо, убактылуу иштеп жана жашап жаткан өлкөнү таштап, керемет мекенибиз Кыргызстанга келүүнү кийинки убакытка жылдыра туруңуз. Мээрим пайгамбары Мухаммад алейхис саламдын: “Жалпы ылаң чыккан жерге барбагыла, ошол жердин ичинде боло турган болсоңор, аны таштап башка жерге кетпегиле!” дегени ар бирибизге күмүш сырга болсун!

Ушул себептүү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы менен бирдикте сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Келиңиздер, колубузду 20 секундтан кем эмес убакытта жакшылап жууп туралы. Тазалык ыймандын жарымы.

Адамдар көп чогулган жана коомдук жайларга барбаганга аракеттенели. Пайгамбарыбыз алейхис салам айтат: “Соо адамды оорулуу жаткан бөлмөгө киргизбегиле!”.

Тамак аш жана дары дармектерди ашыкча топтобой, барга каниет кылып, сарамжалдуу бололу... Кудай Таалам бергенине каниет кылган адам эң бай адам.

Ушундай мезгилде дүрбөлөңгө, чагымчылдыкка жол бербейли!

Карантиндик чараларды колдонууда, күнүмдүк жашообузда өзгөрүүлөргө аргасыз туш болобуз. Бирок, бул өзүбүздү жана жакындарыбызды жугуштуу оорудан сактоонун ишеничтүү жолу, ишенимдүү себеби.

Учурда мамлекеттик органдарыбыз жугуштуу вирусту жайылтпоо жана алдын алуу боюнча колдон келген баардык иш чараларды аткарып жатышат. Сиздерди бул көрүнүшкө туура түшүнүү жана жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырат элем. Ар бирибиз өзүбүзгө, туугандарыбызга, жакындарыбызга, перзенттерибизге жана кол астында болгондорго жоопкербиз.

Күч бирдикте – бирге болсок баардык кыйынчылыктарды жеңебиз. Моюн сунууда, итаат кылууда, жол башчыларга жана адистерге кулак салууда эки дүйнө жакшылыгы камтылган.

Жакшылык күндөрдө, ыйман үстүндө, токчулук кучагында Ала-Тоонун саясында, Ысык-Көлдүн жээгинде амандашканды, тойлошконду баарыбызга ТЕГИЗ насип кылсын.

Кудай Таалам баарыбызга жакшылык ыроолосун!

Изги тилектерим менен ийгилик каалап...


Бир тууганыңар Чубак ажы


 23\03\2020
 ж.
Бишкек ш.
 Даанышмандык үйү Хадис Академиясы

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер