» Коом » Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү
Бүгүн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү
12-декабрь, 12:48
384 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12- декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үйбүлөсүндө туулган. Залкар жазуучунун китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. Айтматов “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” өңдүү романповесттери менен дүйнөгө таанылган. 2008-жыл - Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган. Ал 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан.