Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азим Рой менен Өмүрбек Суваналиевдин тиреши кандай аяктады?

Азим Рой менен Өмүрбек Суваналиевдин тиреши кандай аяктады?

22-март, 22:31
711 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясый күрөштө ит жыгылыш, кызык эле оюндар орун алат эмеспи. А мезгил баарын ордуна коёт тура. “Ак ийилет, бирок сынбайт” демекчи, баары тараза ташында талданат. Тарых тастыктайт. Эмесе, бүйүр кызыткан окуяны азыноолак чечмелеп коёлу.

“Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат” дейт. Эске салсак, Азим Ройдун айтылуу сүрөтүнө Өмүрбек Суваналиев “уят” деген комментарий берген. Билесиңер, коомчулукка резонанс жараткан эле. Кылмыш дүйнөсүндө шектелген адам инвестор катары көрүнүп, бийликтин төрүндө отурса, чыныгы генерал чыдабай кетти да. Бул боюнча Азим Рой чычалап, Өмүрбек Суваналиевди жана “Вести” сайтын 150 миллион сомго сотко берет. Кызыгы, жоопкерлердин дареги табылбай, процесске чакырылбай калат, натыйжада, 15 миң сомго жыгып атышпайбы. Кандайча? Көз будамайлоо менен... А сот аткаруучу береги сумманы өндүрүү үчүн “Комиссар Каттанинин” адресин таап келет. Кыйын бекен? 

Мындан сырткары, былтыр күзгө жакын Азим Рой кайрадан Өмүрбек Суваналиевдин үстүнөн арыз жазат. “Ар-намысыма, кадыр-баркыма шек келтирди” таризинде догурунганын карачы? Анан көп өтпөй шакирти “Коля Киргиз” УКМК тарабынан жок кылынып, саясый кырдаал кескин түрдө өзгөрөт. Азим Ройдун арты ачыла баштайт. Көп өтпөй “куйругун түйүп”, Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүрүп атпайбы. Жыйынтыгында, жалган жерден Өмүрбек Суваналиевге айып пул төлөтүшүп, соту баш болуп, жаза басып калышканычы? Эми акыйкат жолдо кандайча чечмелейбиз? Уят да! 

Артка кылчаялы. Көрсө, 1991-жылы Өмүрбек Суваналиев Чолпон-Атада начальник милиция болуп турганда, Азим Ройду кармап, катыгын бергени айтылат. Кийин 2008-жылы Камчы Көлбаев “Мыйзамдагы ууру” макамын алып, Россиянын кримтөбөлдөрү жана Азим Рой менен Нарынга келгенде, баягы “Комиссар Каттани” бу саам губернатор экен. Карап турабы? Кортежде чалкалап келишкен “авторитеттерди” Теңир-Тоодон айдап чыгып салган да! Бир эмес эки ирет сокку уруп, мыйзамдын диктатурасын көрсөтүп атса, анан кек сакталып, аягы соттошуп калышпадыбы. “Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар” демекчи, Азим Рой бийликке таянып алып, канчалык кастарын тиксе да, үчүнчи ирет генерал Суваналиевден саясый-моралдык жактан жеңилип, азыр кайда качып жүргөнү белгисиз...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер