Акыркы кабарлар
» Саясат » Саясый кырдаал өзгөрөбү? Бактыбек Калмаматов “борсулдап” чыга баштады...
Саясый кырдаал өзгөрөбү? Бактыбек Калмаматов “борсулдап” чыга баштады...
18-июнь, 12:47


Кечээ эле Садыр Жапаровду шыбап, жамандап, анан түрмөгө түшкөн Бактыбек Калмаматов кайрадан саясат менен шугулдана чыга баштады. Бул саам Камчыбек Ташиев, Нурланбек Шакиев жана Курманкул Зулушевди сындап, аларга карата “таш ыргытканга” жарады. Анан калса, парламент депутаттарына акыл үйрөтүп, алардын намысына тийип, “75чилердин иши” боюнча чакырык жасады го? Калмаматов эмнеге “борсулдап” атат? Ыңгайдан пайдаланып, кызмат алабы же акча жасап жатабы? Айтор, түшүнүксүз. Кечээ эле “сынып”, шүк жүрүп калбады беле? Саясый кырдаал өзгөрө турганын сезип, алдын ала “үйүр топко” кошулуп калуу үчүн “имидж жасап” жатабы? Бизде бакылдагандар эле “устуканга” илинип калышат го?











