Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путиндин саясый кадамынан үлгү албайлыбы?

Путиндин саясый кадамынан үлгү албайлыбы?

24-январь, 13:20
512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өткөн жылы Россиядагы белгилүү эксперттер Владимир Путиндин рейтинги түшүп кеткенине байкоо салышып, ар кандай ой-жорумдары менен бөлүшкөн. Коомчулуктун пикирине, деги эле өлкөдөгү саясый баа берүүлөрдү президент Путин туура кабыл алып, жылдын башы менен өкмөтүн кетирип, башкы прокурорду алмаштырып, кадрдык жаңыланууга кадам таштады. Мындай жүрүш менен РФда үмүт жаралып, элдин маанайы өзгөрдү. О.э. Өзбекстандын өкмөтү да отставкага кетти. Шавкат Мирзиёев жаңыланууга аракеттерди баштады.

Дал ушундай өзгөрүүлөрдөн кыргыз бийлиги да үлгү алышы зарыл. Себеби, буга чейинки биздин өкмөттүн алсыздыгы, иши алдыга жүрбөгөнү белгилүү. Ири инвестиция тартылбай, өндүрүш өнүкпөй атканы, экономикалык көрсөткүчтөр көтөрүлбөгөнү ырас. Күч органдары дээрлик өз милдеттерин тийешелүү деңгээлде аткара албай калышканы жалганбы? Айтор, баардык система туташ кризиске баратат. Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгелерин, көтөргөн идеяларын өкмөт иш жүзүнө ашырууда чабалдык кылып, артка тартып атканы жашыруун деле болбой калды го? Мындай шартта мамлекеттик саясатты бекемдөө, элдин мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн чечкиндүү кадамга баруу зарыл. Ансыз да коомчулукта түрдүү нааразычылыктар күчөп, февраль айынан баштап митингдер өтө турганы кабарланууда. Эң оболу, кадр саясатын профессионалдар менен жаңылап, кескин түрдө өзгөрүүлөргө баруу мезгили келди. Убакыт алтындан кымбат болууда, уттурбаш керек.


"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер