Акыркы кабарлар
» Саясат » Сабыр Муканбетов: “Канатбек Исаев такшалган кадр! Президент болгонго татыктуу!”
Сабыр Муканбетов: “Канатбек Исаев такшалган кадр! Президент болгонго татыктуу!”
18-декабрь, 15:13
2 049 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌“Канатбек Исаев лидерлик, уюштуруучулук сапаттары бар экенин акыркы он жылда, өлкөнүн баардык региондорунан тыңдарды жыйнап, иш жүзүндө далилдеди.
Бийликтин репрессивдүү машинасынын кысымынан майтарылбай, сынбай, кайраттуу, өжөр, алдыга койгон максатынан кайтпастыгын да иш жүзүндө көргөздү.
Алдым-жуттумдугу, ири коррупциялык иштерге аралашкан ызы-чуусу жоктугунан бийлик чагымчылык жасап, "Токмоктогу китепкананы мыйзамсыз приватташтырууга тиешеси бар" деп, башка кине кое албай кыйналып бүттү.
Мамлекеттин ички, тышкы саясатына, экономикасына түздөн-түз аралашып, абройлуу саясатчыга айланды.
Такшалган кадр! Президент болгонго татыктуу!” деп саясат талдоочу Сабыр Муканбетов өз пикири менен бөлүштү.