Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт Бакетаев: “Кыргызстан менен Өзбекстан бир союз түзгөнгө шарттары бар”

Бакыт Бакетаев: “Кыргызстан менен Өзбекстан бир союз түзгөнгө шарттары бар”

07-февраль, 09:00
440 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сапары, түзүлгөн келишимдер кандай натыйжа берет?

-- Бүгүнкү күндө ушундай, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 30 жылда мындай бир туугандык мамиле болгон жок, б.а. СССР убагындагы деңгээлге бир эки эле тепкич калды. Биз эки бир тууган мамлекетпиз. Миң жылдан бери бирге жашап келгенбиз. Бүгүн бизди бириктирип жаткан Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу. Муну терең изилдеген, маңызына жараша түшүнгөн кээ бир саясатчылар билишет. Өзбекстан менен Кыргызстан бүгүнкү күндө керек болсо бир союз түзгөнгө бүт шарттары көрүлүүдө. Мисалы, Россия менен Беларустай. Анткени бүт экономикалык тармактарда биргеликте ошол эки мамлекеттин потенциалын бириктире турган келишимдерге кол коюлду. Анын ичинде энергетика, темир жол, завод-фабрикалар курулуп, көп маселелер чечиле турган болуп жатат. 

Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров жылуу мамиле түзүп, жөнөкөй элге өздөрүн үлгү катары көрсөтүп жатышат. Өзбекстан менен Кыргызстандын жылуу мамилеси Орто Азия мамлекеттерине жакшы үлгү болот деген ишенимдемин. Менимче, бул саамалык башка мамлекеттерге да тарап, алар менен да бир туугандык келишимдерди түзүп, бир интеграция болуп, элибизге жакшы шарт түзүп бере турган кандайдыр бир союз жаралганы турат. Албетте, биздин ушундай экономикалык, саясый карым-катнашыбызга каршы чыккан үчүнчү күчтөр бар. Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар, жумурткадан кыр издегендер болот. Бирок президенттерибиз жакшы бир үлгү көрсөтүп, ортобузда бир туугандык мамиле пайда болуп, ынтымакта жашоого, карым-катнашты чыңдоого жол ачып беришти. Казакстан менен да ушундай жакын мамилелер түзүлөт. Жадагалса тажик туугандар менен да ынтымакка келишебиз. Биз бир эл, бир журтпуз. Жакшылыктарыбыз алдыда. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер