Кытайга ири өлчөмдө карызы бар мамлекеттердин сап башында Кыргызстан турат
Кембридждин экономикалык изилдөөлөр улуттук бюросунун илим-изилдөө институтунун докладында Кыргызстан Кытайга ири карызы бар беш мамлекеттин бири экени айтылды.
Учурда аналитиктердин изилдөөсүнө таянсак, Кытайга болгон тышкы карызын төлөөдө Кыргызстан кыйналып калышы ыктымал экени айтылат.
Кытайга дүйнөдөгү бир топ мамлекеттердин ири өлчөмдөгү карыздары бар. Алардын бири Кыргызстан.
Кытайга карыздардын сап башында Африканын Джибути мамлекети турат. Экинчи орунда Тонга мамлекети, үчүнчү орунга Мальдив мамлекети, төртүнчү орунга Конго, ал эми бешинчи орунда Кыргызстан турат.
Кыргызстанга коңшу Тажикстан 20-орунда, Түркмөнстан 23-орунда, Өзбекстан 40-орунда турат.
Доклад даярдаган аналитиктердин баамында, өнүгүп келе жаткан мамлекеттер — Кыргызстан жана Тажикстан Кытайга мурда айтылгандан да көп карыз болушу ыктымал. Анткени Кытайдын эсептөө системасында ачык-айкындуулук жок болгондуктан берилген насыялардын жарымынан көбүн коомчулук билбейт.
Мисалы, Кытайдын экспорт-импорт боюнча банкы Кыргызстанда жолдордун курулушун каржылоого камынып жатат. Каражат жолду курууга тандалган кытайлык подрядчы компанияга берилет. Акча сыртка чыкпагандыктан борбордук банктарды бириктирген Эл аралык эсептөө банкы каражатты эсепке албайт.
Кытайга убагында карызыбыздан кутула албай, бир топ жерибизден айрылбасак эле болгону...
Aryba.kg