Жөө жүргөн адамдарга да айыппул салынат
Бишкекте адамдардын өңүн таанып, аты-жөнүн тактай турган видеокамералар орнотулат.
Бул туурасында Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков эл аралык донорлордун жардамы менен 60 видеокамера алынып келинип, орнотулуп жатканын кабарлады.
Видеокамераларды коюунун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо.
Андан тышкары «Коопсуз шаар» долбоору алкагында 306 жерге видеокамера орнотуу пландалууда. Учурда Бишкек шаарынын алты кичи районунда «Коопсуз район» долбоору ишке кирип, 72 камера коюлду. Жакын арада Бишкектин 11, 12 жана «Асанбай» кичи райондоруна да видеокамералар орнотулат.
Эскерте кетсек, жол эрежесин бузуп, туура эмес жолдон өткөн жөө жүргөн адамдар да видеокамерадан өздүгү такталып, айыппул салынат. Андыктан, жөө жүрүүдө эрежени бузбоого чакырат.