Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чүйдөгү суу тартыштыгын губернатор Канат Жумагазиев чечет, бирок убакыт керек

Чүйдөгү суу тартыштыгын губернатор Канат Жумагазиев чечет, бирок убакыт керек

16-июнь, 11:14
819 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Учурда Кыргызстандын баардык аймактарында суу тартыш. Какшып атканы, же кезекке турганы, айтор, кыйналган эле эл. Өзүбүз суунун башында туруп, мындай абалга келгенибиз кандай? Алыс барбай Сары Өзөндөгү абалга көз чаптырып көрөлү. Бул аймакта да таза сууга, сугатка карай муктаждык күч. Ала жазда Чүй облусуна губернатор болуп келген Канат Жумагазиев дал ушул маселе боюнча бар күчүн салып, алдын ала тынымсыз иштерин жүргүзүп атат. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери топтолгон көйгөйдү эки-үч айда чече коюу мүмкүн эмес экен. Ошентсе да туура башкаруунун натыйжасында алгачкы саамалыктар жүрүп атыптыр. Бул жагын өзүн пиар кылгысы келбеген Канат мырза азырынча үн салбай, маңдайындагы терин аарчыганга жетишпей эмгектенип атат. Эгерде чыйрак губернаторубуз эки жылдай баштаган иштерин улантып отурса, сырттан да инвестиция тартып, Сары Өзөндөгү сугат, таза суу маселесин чече турганы шексиз. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, билерман кадрга кичине убакыт берип, “кээде чаңкасак да шилекейбиз менен тамагыбызды суулап”, чыдай туралы. Себеби, Канат Жумагазиевдин билими, мол тажрыйбасы элдин жүгүн көтөрүп кетүүгө жетет. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер