Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Трамп менен Маск дүйнөнү хаоско алып келиши мүмкүн”

-- Илон Масктын “Азаттык” радиосу тууралуу айткан пикири боюнча кандай ойдосуз? Эми Америка "Азаттык" радиосун жабууга киришеби?
-- Илон Масктын “Азаттык” боюнча айткан пикирин колдой албайм. Тескерисинче, Илон Маск мамлекеттик жана эл аралык иштерди дагы бизнеске ылайыкташтырып калчагандай. Негизинен эле Трамп экөө баардык нерсени, тышкы саясатты дагы бизнес призмасы менен карап жатканы туура эмес. Негизи “Азаттык” радиосу дүйнөдөгү өнүгүүгө умтулган мамлекеттердин жалгыз жарчысы. Чындыкты айтат. Ошон үчүн жабыштын кажети жок.
-- Америка коррупциянын уюгу экенин Трамп далилдеп жаткан жокпу?
-- Негизи Трамптын сяасаты келерки төрт жылда даана көрүнөт. Азыр анын саясатына баа бере турган мезгил боло элек. Бирок, Трамптын биринчи кадамдары өтө радикалдуу башталды. Ал ушул темп менен кете берсе, дүйнөгө, анын ичинде Американын ичинде дагы чоң мүшкүл жаралат. Ал эми “Америкада коррупция жок” деп эч ким айталбайт. “Коррупция гүлдөп кеткен мамлекет” деп доомат коюуга да болбойт. Азырынча эч нерсе далилдене элек. Ошон үчүн бир жактуу айтууга эрте.
Биз дагы бир нерсени эске алышыбыз керек. Трамптын бир нече чечимдери сот аркылуу жокко чыкты. Бул нерсе Трамп ойлонбой мыйзамды бузуп, демилгелерди кабыл алып жатканын далилдейт.
-- Трамп менен Илон Масктын саясатынын түпкүлүгү эмнени көздөйт?
-- Трамп менен Илон Масктын саясаты, тилекке каршы, бардык нерсени бизнес призмасы менен караганында. Дүйнө эли Американы демократиянын эң ири символу, акыйкаттын очогу болгон мамлекет катары көрчү. Булар ал нерсени талкалай баштады. Украинадагы, Газадагы маселеде Трамп менен Масктын мамилеси толугу менен туура эмес деген ойдомун жана жакынкы келечекте менин оюм далилденет деген ишенимдемин. Себеби, Газадан анын тургундарын чыгарып кетүү, ал эми Украинадан алардын кен байлыктарын алуу маселеси геосаясатты бизнес ыкмасы менен карап жатканын далилдейт. Бул өтө туура эмес кадам. Себеби, бул дүйнөдө баардыгы акча менен эсептелип-өлчөнбөшү керек.
-- Трамптын саясаты Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?
-- Трамптын саясаты Кыргызстанга эле эмес, дүйнөгө терс таасирин тийгизери шексиз. Азыр эле Американын жакынкы кошуналары, эң жакын деген Канада, Мексика менен соода согушу башталганын, эң ири соода-сатык өнөктөшү менен тиреш башталганын байкасак болот. Мындай тенденция уланса, дүйнөнү дүрбөлөңгө сала турган, мүмкүн хаоско алып келе турган саясат орун алышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити