Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкектик таксист коронавирус болгонун билбей жакындарынын баарына жуктурган

Бишкектик таксист коронавирус болгонун билбей жакындарынын баарына жуктурган

07-апрель, 14:30
738 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

7-апрелге карата борбор калаа Бишкекте коронавирус аныкталган адамдардын саны 25. Бул тууралуу шаар мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын айтымында, бир таксист бул илдетке чалдыкканын билбей жүрө берип, аялына, кыз-күйөөсүнө, эки уулуна жана бир небересине жуктурган.

Дагы бир адам үй-бүлөсүнүн төрт мүчөсүнө жуктуруп алган.

Мэр билдиргендей, жалпысынан бүгүнкү күндө борбор калаада 1756 адам обсервацияда же үй карантининде отурат. Инкубациялык мезгил өткөн соӊ, 14 күндөн кийин анализи таза чыкса, алар медицина кызматкерлеринин көзөмөлүнөн чыгарылат. Буга чейин 1359 адам көзөмөлдө болуп, кое берилген.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер