Алтынбек Сулайманов чачын өстүрүп, токол алчудай эле кулпуруп калыптыр

Төрт жылдан бери көзгө көрүнгөн саясатчы, чиновник, бизнесмендер камалышып, “кусуп” эле келатышат. Кайра-кайра кайталангандарды санабай эле коёлу. Баш калкалоо издешип, качып кеткендери канча? Мындай жагдайда өзгөчө инсанга токтолуп, азыноолак баа берели.
Маселен, Алтынбек Сулайманов эч кандай кылтакка илинген жок. Себеби, ал бизнестен саясатка демдүү келип, парламентте таасир жаратып, бир канча ирет депутат, фракция лидери да болгон. Арты таза тура. Эч ким кылын кыйшайта албады. Өзүнө жана сөзүнө тура алган Алтыке азамат экен. Чет өлкөдөн бизнесин гүлдөтүп, убактылуу саясаттан оолактап, бирок мекенинде ээн-эркин басып жүрөт. Бирөө да “кыгына” куурай сая албайт. Эмне үчүн? Баскан жолу жипке тизген шурудай ырааттуу, “калбыры” жок болсо, тынч уктайт эмеспи. Анан калса, Алтынбек Сулайманов чачын өстүрүп, жашарып, токол алчудай эле кулпуруп калыптыр. Баягы жаш кезиндеги “Челюсть” деген каймана аты да жарашпай калгандай...
Кыскасы, чоң саясаттан тыныгуу алган каарманыбыз “тазалануу процесси” өткөндөн кийин оюн талаасына кайрылып келчүдөй. Башы бар адамдар утурумдук артка чегинүүнү, сакталып калууну да жадынан чыгарбаса керек.
"Азия Ньюс" гезити











