Акыркы кабарлар
» Коом » Жылыга свет кымбаттай берсе, элдин жашоосу итке минип, артка кетет да
Жылыга свет кымбаттай берсе, элдин жашоосу итке минип, артка кетет да
01-апрель, 22:42
493 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Былтыр светтин баасы 1 сомго көтөрүлгөн. Быйыл да жыл айланып, май айында кымбаттаганы турат. Каржалган карапайым элге кыйынчылык жаралууда. Ансыз да 5 мВт чектеп берүүнү айтышып, кышы менен кыйла эле бууп келишти. А бир канча майнинг-фермалар иштеп келишкени ачыкталса да, аларды тыйып, элге жарыкты татыктуу берүүгө эч ким кызыкпады. Эки жылдан бери чакан ГЭСтер ишке кире турганы айтылып, жылуулук кризиси жаралбай турганы жар салынып келет. Тилекке каршы, жыл өткөн сайын кыйынчылык курчуп, электр тарифине баалар өсүп, кайда эле баратабыз? Оюн жүрүп аткан жокпу? Коррупция эмеспи? Айтор, үмүтсүз шайтандай образ жаралууда...
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити