Министр Руслан Казакбаевдин экономикалык дипломатиясы

Россиянын Украинага жасаган атайын аскер операциясы башталгандан бери эл аралык аренада кимдин ким экени белгилүү болууда. Көп өлкөлөр бейтарап болуп чыга келишти. Позициясын так билдирип, Россиянын бул конструктивдүү операциясын ачык колдогон Кыргызстан болду. Президент Садыр Жапаровдун көп векторго багытталган тышкы саясаты жигердүү жүргүзүлүп жатканы ушул жолу да ачык далилденди.
Россиянын тышкы иштер министри С.Лавровдун чакыруусу боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Россияга барып, атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бул иш сапарынын алкагында РФ президенттик администрациясынын башчысынын орун басары Д.Козак менен Украинадагы кырдаалды талкуулады. Р.Казакбаев Украинадагы кырдаалды дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн негизинде тынчтык жолу менен жөнгө салууну сунуштады. Тажрыйбалуу кыргыз министри бул окуя дүйнөлүк маселеге айланып кетпеши үчүн анын алдын алуу керектигин белгилеген.
Жолугушууда эки тараптуу актуалдуу маселелер: соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча эки тарапка пайдалуу сүйлөшүүлөр болгон. Өлкөнүн тышкы саясатында экономикалык дипломатияны негизги багыт кылып алган министр Руслан Казакбаев “Зарубеж-Экспо” АОнун директорлор кеңешинин төрагасы Д.Вартанов менен жолугуп, 2022-жылдын 15-17-июнунда Россия–Кыргызстан аймактар аралык бизнес-форум жана “EXPО–RUSSIA–KYRGYZCTAN” эл аралык өнөр жай тармагынын көргөзмөсүн өткөрүүнү макулдашкан. Бул бизнес форумда өлкөнүн экономикасына, өндүрүшүнө өз салымын кошо турган, адал иштеген инвесторлор менен пайдалуу келишимдер түзүлөрү шексиз. Министр Руслан Казакбаев өзүнүн ишмердүүлүгүндө өлкөгө инвестиция тартып келүүнү негизги максат кылып койгон, ал экономомикалык дипломатияны тышкы саясаттын негизги багытына айландырууда.
"Азия Ньюс" гезити