Акбөкөн Таштанбеков, ЖК депутаты: “Ооганстандан туткунга түшкөндөрдүн көбү өз тилин унутуп коюшкан”


-- Акбөкөн Дүкенович, Ооган согушу аяктаганына мына отуз беш жылдан ашса да, дале 300гө жакын жоокерлер дайынсыз жоголгон катары издөөдө экен. Эң кызыгы, дайыны табылгандардын көбү өз мекенине кайтып келгенден баш тартышкан. Мурдагы ооганчы катары сиз мунун себебин эмне менен түшүндүрөсүз?
-- Көбү туткунга түшкөнүм үчүн камалып кетем деп коркушса, дагы бирөөлөрүн чет элдик ЖМКлар алдап, кокутуп-үркүтүп, СССРди жамандатып сүйлөтүп алышкан да. Ошондон коркуп эле калып кала беришкен. Анүстүнө Ооганстандан качуу мүмкүн эмес. Тиягы тоо, быягы да тоо. Кээ бирөөлөрү жергиликтүү кыздарга үйлөнүп алышкан, бала-чакасы бар дегендей. Ошол жашоого көнүп калышкан. Анан кантип таштап кетет? Ислам динин кабыл алган башка улуттагылар өздөрүнүн тилин да унутуп коюшту да. Отуз беш-кырк жыл сүйлөбөсө, унутулат да...
-- Сиздердин бөлүктө ошондойлор бар беле?
-- Жок. Бирок, ар кандай жагдайлар болот да. Кээ бирөөлөр машинасы бузулуп, колоннадан калып калат. Ошол маалда моджахеддер кол салат. Жарадар болуп колго түшүп калгандар бар. Айрым жаш жоокерлерди стариктер “бар, тамеки сатып кел” деп дүкөнгө жумшашкан. Ошону менен барып, жок болуп кетишкен. Анан “биз тамекиге жибердик” деп айтмак беле? Ошонун баары дайынсыз жоголгондордун катарын көбөйтө берди да.
"Азия Ньюс" гезити











