Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов: “Мен казино боюнча мыйзамга добуш берген эмесмин”

Тазабек Икрамов: “Мен казино боюнча мыйзамга добуш берген эмесмин”

01-июль, 09:00
435 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкты талаптагыдай аткарбаганы үчүн Сузак районунун эки айыл өкмөт бышчылары кызматынан алынганын айттыңыз. Муну бул айыл өкмөттөрүндө ысырапкерчилик такыр эле тыйылбай жаткан катары түшүнсөк болобу?

-- Өлүм-житим болгон жерде туугандары мурунку көнгөн адат боюнча мал союп жатышат. Ысырапкорчулукка жол бергени үчүн Атабеков жана Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн башчыларын кызматтан алып салышыптыр. Ушундан улам алар мага “биз ар бир айыл өкмөтү өз алдыбызча чара көрүп, айыптарды салган менен маселени чече албай жатабыз. Ансыз деле кайгыга батып турган кишилер менен “мал сойдуң” деп мушташа албайт экенбиз. Башка айыл өкмөттөрүндө деле ошондой окуялар болууда. Бирок, алардын кээ бирөөлөрүнө эскертүү, айрымдарына сөгүш берип, бизди болсо жумуштан алды. Бул адилеттикке жатабы? Мыйзам баарына бирдей иштесин да” деп кайрылышты. Чын эле мыйзам баарына бирдей иштесин да. Же булардын орду бирөөгө керек болгонбу? Мен ошондон улам маселе көтөрдүм.

-- Өткөн жумада казино боюнча мыйзамга добуш берилгенде, сиз иш сапарында экенсиз. Бирок, добуш берүүнүн жыйынтыгында “добуш берген” болуп жүрөсүз?

-- Аны кайра-кайра эле айта бергенде актангандай болуп калам. Мен эртең менен төрагага катымды таштап, ТүрПАнын жыйынына кеткем. Демек, мен кеңешмеге катышкан жокмун, добуш да берген эмесмин.

-- Анда сиз үчүн кнопканы ким баскан?

-- Аны териштирип отурган жокмун. Эң башкысы, мен жыйынга катышпаганымды документ менен ырастап бердим, менин добушум жокко чыгарылды. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер