Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Президент баш болуп, СССР убагындагы Кыргызстанды кайра калыбына келтирели

Президент баш болуп, СССР убагындагы Кыргызстанды кайра калыбына келтирели

14-август, 21:59
344 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-класстан баштап китепканага барып көнгөн мектеп окуучусу чоңойгондо чоң чиновниктерден өйдө болуп чыгат. Анткени ичип-жеп, уурдап көнгөн чиновниктер дипломдорду сатып алышкан же акчанын күчү менен эптеп-септеп окууну бүтүшкөн. Кыргызстандын билим берүү министри түрктөр ачып берген Нарындагы окуу жайда аяктап, бир нече чет тилдерди үйрөнгөн экен, француздар аны аябай мактап, интеллекти жогору (!) деп баа беришти. Албетте, англисче сүйлөп, түрктөрдүн илим-билим маданиятын көтөрүү жолун айтып турса мактабай коюшабы? 

Эми кепти башка өңүткө буралы. “Жаманды мактаса жардан алыс учат” деп 30 жылдан бери мактаган “демократия аралчасы” жар эмес зоодон учту го! Зоодон учкан кыргыздарды шамал айдап кетерин алдын ала билген капиталисттер чет тилдерди үйрөтүп, аң-сезимин 180 градуска буруп туруп жөнөтүшөт. Аларга кул же малай катары иштеткенге арзан жумушчулар керек. Бизди чет өлкөлөргө жөнөтүп ийип кутулбаса, миллиондогон адамдарга айлык акы, пенсия, пособие төлөп берүү мүмкүнчүлүгү жок да. Жумуш орундарын түзүп, экономиканы көтөрө турган акчаларды жеп-жутуп коюшкан. Өз кызыкчылыгын көздөгөн кыргыз бийлиги жер планетасына чачырап кеткен кыргыздар менен иштери да жок. Мекенибиздеги коррупция менен мафия күчүнө кирип турганда, бечара кыргыздар “кара чымынга” айланышты. Каршы чыккандарды баса калып түрмөгө камап, калгандарына кылмыш иштерин козготуп, сот инстанцияларында беш-он жылдап сүйрөгөндө адам эмес шайтан да секирет эмеспи. АКШ орноткон коррупциялык жана мафиялык система Кыргызстан менен Украинаны 30 жылдан бери талкалап келатат. Кыргыз олигархтары тымызын башкарса, украин олигархтары бала- чакасынан бери фашисттик духта тарбиялашып, кадимки жырткычтарга айланыштыбы?

1-класстан баштап Гитлер, Бандера, Шухевичтерди баатырлар катары окутушуп, орустарды жек көрсөтүп салышкан. Кыргызстанда болсо жомоктогу Эр Табылды, Эр Төштүктөрдү жаттатышты, а СССР убагындагы 70 жылдык тарыхын унутуп калышкан. Бийлик Дж.Соростун программасын кайталатып, диндердин тарыхын окуткандан көрө, мамлекеттердин кыскача өткөн чактарына кайрылса. Тарыхтын тескери жолуна түшкөн Украина жок болгону калса, Кыргызстанды кыйынчылыктар күтүп турат. Украинадагы улутчул фашисттер жана олигархтар мамлекетин жок болууга алып келишсе, аларды колдогон АКШ, Европа өлкөлөрүн да кризистерге батырды. Анткени 1945-жылдагы СССРдин жеңишин өзүнө ыйгарып алган АКШны куткаруучу катары айта беришип, европалыктардын баштарын айлантып таштаган. Алардын “бандиттик системасы” фейк пропаганданы ошол кезде эле кенен пайдаланган. Эгер баш ийбегендер болсо, чогула калып бомбалап кеткен үстөмдүгү да бар эле. Президент Садыр Жапаров булар менен жаман-жакшы айтышпай, жөн гана “калыспыз” деп койгону туура. Стратегиялык өнөктөшү болгон Россия ансыз да жемин жегизбейт. Тескерисинче, четинен талкалап, тиштерин азууларына чейин жула алат. 

Кыргызстанды сактап калыш үчүн коррупция менен мафияны жок кылып, билим берүү министрлигин Россиянын системасына которуу керек. “Койчу көп болсо кой арам өлөт” деп бекеринен айтылган эмес. АКШ, Европа, Түркия, Арабия, диний фанаттар тарбиялаган катмар зыяндуу экен. Президент Садыр Жапаров баш болгон кыргыз патриоттору, улуу муундун өкүлдөрү СССР убагындагы Кыргызстанды калыбына келтирүүлөрү керек. Мамлекеттүүлүк, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк орнотулса, өсүп-өнүгүү башталат.


Зарлык Дыйканбаев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер