Чыңгыз Айтматовду “ойноткон” улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов
Залкар жазуучубуздун эстелиги илимдер академиясынын бакчасына коюлуп, эл-журттун сүймөнчүгүнө айланган. Анан эле өткөн жылы жаңы шайланган президент Канат Ермекович Абдрахматов “кар кечип алыска бара албайт” экен дешип, Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн алдында академиянын босогосундагы атомдун моделинин жанына эстеликти көчүрүп келишкен. Ошондон кийин залкар жазуучубуз жыл сайын төрт жүз миллиондун тегерегинде мамлекеттен акча алып, жарым тыйын пайда бербеген илимдер академиясынын кызматкерлерин щвейцар сыяктуу тосуп ала тургандыгы, “вандализм” экендиги тууралуу жазганбыз, эми президент Канат Ермековичтин жетекчилиги астында “күжүрмөндүүлүк” менен иштеп жаткан улуттук илимдер академиясы бүткүл дүйнөдө салтанаттуу белгиленип жаткан улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык юбилейине “арнап”, жазуучунун эстелигин академиянын алдындагы машине келчү жолдун боюна көчүрүп, орнотушуптур. Илимдер академиясынын азыркы деңгээли, болгон дасмиясы ушул экен. Бул эмне, жөө адамдарга караганда, машине менен келген “ардактуу” кишилерди Ч.Айтматов тосуп алсын дегениби?..
Анан да негизги кесибининен тышкары халтура чыгармаларды чиймелеп жазып жүргөн сокур чымыны бар, эстетикалык табиттен куржалак калган президент Канат Абдрахматов ошол кол жазмаларын тил жана адабият институтуна тапшырып, алар болсо “токойдо сенден башка булбул жок” дегендей “Канат Абдрахматов – заманыбыздын залкар жазуучусу” деген монография даярдап жатат деп эшиттик. Чыңгыз Айтматовду каалагандай “калчаган” президент Канат Абдрахматов халтуралары менен анын ордун басайын деген ою барбы? Деги ал ким өзү?..