Улукбек Ормонов, ЖК депутаты: “Мамлекет башчы авиакомпаниянын ишин көзөмөлүнө алуусу зарыл”

-- Бир кесиптешиңиз улуттук авиакомпания жок болгонуна зээни кейип сүйлөдү. Анын жоголуусуна эмне себеп болду деп ойлойсуз?
-- Бул маселени биз алтынчы чакырылышта да коюп келгенбиз. Улуттук авиаккомпания бар, бирок аны банкрот абалга жеткиргендерди жазалаш керек. Мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүп, аны кайра жандандыруу зарыл. Мен бул жагынан кесиптешимди колдойм. Бирок, экинчи жагынан “жеке компания атайылып өлтүрүп жатат” деген туура эмес. Улуттук компания иштебей, ошондой кыйын кезде бүт жүктү көтөрүп, жардам берген жеке компанияларды “атаандаш кылгысы келбей атайылап жоготуп жатат” деп күнөөлөгөн – бул болбогон сөз. Өкмөт жетекчиси, мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алып, биздин авиакомпанияны жандандыруу ишин колго алуу керек.
-- Кайра жандандырганга шарт барбы? Ошол эле кесиптешиңиздин айтымында, аба транспорту аябай эле кирешелүү тармак экен.
-- Авиабизнес – бул аябай тобокелчилиги чоң бизнес. Бир учурда чоң киреше түшүп, бир учурда эч тыйын түшпөй калышы мүмкүн. Кудай сактасын, бирок бир авиакырсык он жылдык чогулткан каражатыңды жок кылат. Мында көп жагдайлар бар. Ошон үчүн бул бизнести аны түшүнгөн кишилер жасашы керек.