Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айбек Мырза: “Кызматтан кетүүмө Жерүй боюнча позициям себеп болду”

Айбек Мырза: “Кызматтан кетүүмө Жерүй боюнча позициям себеп болду”

11-март, 20:29
1 550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айбек Мырза башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ыйгарым укуктуу өкүл кызматын өткөрүп берди. Ал аз иштесе да саз иштегени, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, ишбилгилиги менен жүрөктөрүндө калганын кесиптештери менен Талас эли айтып бүтө албай турат. Таза иштеген мындай кадрлар керек учурда кызматтан алынганы көпчүлүктү таңгалдырууда.  

Буга Жерүй боюнча карманган позициясы да себепкер болгонун белгиледи. Айбектин мындан аркы иштерин ийгилик коштоп туруусуна тилектешпиз. 

-- Кызматтан кетишиң көпчүлүккө табышмак болуп, сага үмүттөрү чоң адамдар аябай өкүнүп калышты. Өз оозуңдан уксак болобу?  

-- Менин кызматтан кетишим саясый чечим болду. Жерүй боюнча карманган позициям себеп болду деп ойлойм. Ар дайым кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин кызыкчылыгын коргоп келгем жана коргой бермекчимин. Эртеби-кечпи акыйкат орнойт деп ишенем. 

-- Жерүйдүн мындан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн?

-- Жерүйдүн кызыкчылыгы эртеби-кечпи кыргыз элинин кызыкчылыгына чечилет деп ойлойм. 

-- Мындан аркы саясый жүрүштөрүң элге кызык болуп турат?

-- Банк тарабынан кызмат сунушталды. Азыр ойлонуп жатам. Акыйкат, адилеттүүлүк үчүн күрөшүм уланат. Азыркы пландарым боюнча тереңирээк ойлонуп, Бишкекке барганда пресс-конференция берем.

-- Мурунку президент убагында эле курултайларды уюштуруп, улутубуздун кызыкчылыгын көздөгөн көп максаттарың бар эле. Жаңы Башмыйзам тууралуу пикириң кандай болуп турат?

-- Конституция боюнча элдик курултай институтуна бир жылда иштей албаса кетирүү механизмин, ошондой укукту элдик курултайга бериш керек.

-- Таласка ыйгарым укуктуу өкүл болуп барганы салык боюнча жаңылык киргиздиң. Руханий талкуулар орун алып турду, жаңы маданият киргиздиң... 

-- Кудай  буюрса, келгендеги пландарымдын көбүн ишке ашырдым. Жаңы келгенимде саясый туруксуздук болуп турган. Туруктуулук орноду. Ковид басаңдады. Таза шайлоо өткөрүп алдык. Адам таануу боюнча рухий талкууларды өткөрүп жатабыз. Жемкорлук багытты бюджетке буруп, таптакыр салык төлөбөгөн тойкана ээлерине салык төлөө жолдорун жөнгө салдык.  

-- Негизи, сиз эле эмес октябрдан кийин келген жаш кадрлардын баары эле кызматтан кетти. Кандайдыр бир таарыныч жокпу?

-- Жок. Саясатта боло берет. Өз принциптериңе туруктуу болуу – бул туура саясый маданият деп эмептейм.

-- Кадрларды иштетпей эле бат-баттан алмаштыра берүү туурабы?

-- Негизи туруктуу иштеткенде жыйынтык берет.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер