Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаардыктар, той-ашты токтото туралычы!

Шаардыктар, той-ашты токтото туралычы!

27-август, 12:11
602 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор калаадагы "Кайнар" рестораны кайрадан санитардык эрежени бузганын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, тойкана бул ирет дагы көп кишинин катышуусунда куран окутуп, санитардык нормаларды сактаган эмес. Октябрь райондук акимчилигинин тийешелүү кызматтары массалык иш-чарага күтүүсүз кирип барып, “Эреже бузуулар” кодексинин 293-беренесинин ("Ыйгарым укуктуу органдын талаптарын, чечимдерин аткарууда тартип бузуу") негизинде протокол түзүшкөн.

Буга байланыштуу мэрия бизнес ээлерине кайрылды.

"Урматтуу ишкерлер, рестораторлор! Вирус Бишкекте жоголо элек, элдин өмүрүн оюнчук көрбөңүздөр. Жоопкерчилик баардыгына бирдей болушу керек. Ошондой эле шаардыктардан конокко барып, той-аш өткөрбөй турууну суранабыз!" деп айтылат маалыматта.


“Азия Ньюс” гезити

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер