Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шахтада ууланып, бир туугандар каза болду

Шахтада ууланып, бир туугандар каза болду

11-декабрь, 09:16
766 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, 10-декабрда, Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы шахтада иштеп жаткан төрт киши каза болду.

Парча-Тоо тилкесинде жайгашкан “Ормон” ЖЧК шахтасында газ чыккан. Кырсыктын кесепетинен шахтанын 4 жумушчусу ууланып каза тапкан.

Куткаруучулар мерт болгон адамдардын сөөгүн шахтадан чыгарып, туугандарына өткөрүп бергени айтылат.

Шахтада каза болгон төрт кишинин экөө бир туугандар болгон. 

Маркумдардын төртөө тең Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнүн Айбике айылында жашачу. Алардын эң улуусу 42 жашта, кичүүсү 23 жашта болгон. Ал эми бир туугандар 32 жана 34 жашта экени кабарланды.

Айыл тургундарынын айтымында, эң кичүү жигиттен башкасынын баары үй-бүлөлүү болгон. Алар ошол шахтада көмүр казып тиричилик кылышчу.

Aryba.kg

 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер