“Биз Африка өлкөлөрү менен бир тизмеге кирип калышыбыз мүмкүн”


-- Соңку убакта Россиядан үйлөрүнө кайткан мигранттарыбыз көбөйүп атса, ошол эле кезде АКШ да Кыргызстандын жарандарына чектөө коюуда. Мындай кысымдар келечегибизге кандай таасир этет?

Акан Иманов, серепчи:
-- Дүйнө агымы катаалдашууда. Керек болсо союздаш өлкөлөрдүн бизге карата мамилелери өзгөрүп, мигранттарга жасалган кысымдарды көрүп атабыз. Санаалаш мамлекеттер антип атса, анан демократиялык баалуулуктарды жана мыйзамдуулукту талап кылып келген үлкөн державалар биздин кызыкчылыктарды карап отурушмак беле? Эгер АКШ визалык чектөө кадамына барса, бул биз үчүн жоготуу болот. Миңдеген атуулдарыбыз Америкада эмгектенишүүдө. Ал өлкөгө барып билим алып, же туугандарына саякаттап, бизнес багытында же тажрыйба алмашуу жаатында жакшы алакалар жүрбөй калса, албетте, терс таасири тийет да. Анан дагы намыстанткан жери – Африка өлкөлөрү менен бир тизмеге кирип калышыбыз мүмкүн экендиги. Биздин элибиз андай мамилеге татыксыз. Адам ресурсуна басым жасаган биздей кичинекей мамлекетке чектөө киргизүү акылга сыйбай калат го. Андан көрө көбүрөөк эшигин ачып, элибизге мүмкүнчүлүктөрдү берсе жарашмак.

Кеңешбек Айтикеев, серепчи:
-- Россиядан үйлөрүнө кайткан мигранттарыбыздын көбөйүп жатышы -- алардын ички коопсуздугуна коркунуч келгендигине байланыштуу болуп жатат. Россияда кээ бир мигранттар тарабынан кылмыштуу окуялар катталып, ошол себептен мигранттарга катуу чаралар көрүлүүдө. Башка өлкө эмес өзүбүздүн өлкөдө да сырттан келген мигранттарга көз караш башка, эл ичинде нааразычылыктар көп, ошондой эле Россияда да мигранттарга карата түшүнбөстүктөр арбын, аны байкап эле жүрбөйбүзбү. Тийешелүү мыйзамды сактап иштеп жүргөндөр тынч эле жашоодо, ал эми ички эрежени сактабагандар өлкөдөн чыгарылууда, бул көрүнүштү туура эле кабыл алганыбыз оң.
АКШдан да Кыргызстандын жарандарына чектөө киргизип жатышы убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн. Ал жактагы элдик толкундоолор президент Д.Трамптын оюн өзгөртүшү мүмкүн деп ойлойм, балким, жакын арада мигранттар үчүн жаңы жоболор иштелип чыгып, жөнгө салынат...
Ооба, мигранттар үчүн Россияда, АКШда чектөөлөр, кысымдар кээ бир жарандардын жашоо шартына таасир этсе да, жалпы элге, өлкөгө анчалык деле кедергисин тийгизбейт. Байкап, көрүп жатабыз, кээ бир сырттан келгендер бул жактан чакан ишканаларды ачышып, иштерин улантып жатышат. Бизде курулуп жаткан көп ишканалар ошол сыртта иштеп, тажрыйба топтоп келгендердин аракетинен болууда. Буюрса, Кыргызстанда элдин жашоого карата көз карашы өзгөрдү, илгеркидей өкмөттөн үмүт кылбай, өз алдынча тиричилик жасоого өтүштү. Демек, өлкөбүздө элдин жашоосу жакшы жагына өзгөрөт деген сөз.

Эмир Сарпашов, ишкер:
-- Менин оюмча, бул геосаясаттын кесепети деп ойлойм. Бул жагынан АКШ менен Россиянын "киндиги" бирдей сыяктуу көрүнүп атат. Балким, биздин өлкөбүз алардын койгон шарттарын аткарбай жатса керек. Мигранттардын кайтышы менен жумушсуздук көбөйөт. Анын кесепети баарыбызга белгилүү да.
"Азия Ньюс" гезити











