Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дарыгерлердин айынан 4 баланын атасы каза болуп, жерге берилди

Дарыгерлердин айынан 4 баланын атасы каза болуп, жерге берилди

29-апрель, 13:08
684 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

42 жаштагы Эрик Шералиев ушул жылдын 11-мартында Чүй облусунун Чүй районунда жерге берилди. Жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди күнөөлөп жатышат.

Бир тууган карындашы Асел Шералиеванын айтымында, Эрик Шералиев мындан 2 ай мурун ооруп, Чүй райондук аймактык ооруканага барган.

«Ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. Дары-дармек берип, үйгө кетирип жиберишкен. Ал үйгө келген соң кайра өзүн жаман сезип, тез жардам кызматы чакыртылган. Ошондо ушул ооруканадан “өтүндө таш бар экен, операция жасайбыз” дешти. Операциядан кийин үйгө чыгып, бирок кайра ооруп баштады. Операция жасаган дарыгерге телефон чалсак, “операциядан кийин баардык бейтаптар ушундай абалда болот деп жооп беришти.

Жеңемдин айтымында, жолдошуна операция жасар алдында Токмок шаарынан кошумча дарыгерлерди чакыртышкан. “Бул ак халатчандарга каражат бериш керек деп 20 миң сом акча сурашкан. Жубайы ал акчаны таап берген.

Ошентип арадан 2 ай өттү. Бул аралыкта байкебиз айыкмак турсун, тескерисинче, начарлай берди. Ошондо күйөө баласы менен Бишкектеги ооруканага жөнөгөн. Ал убакта байкем эч нерсе ичпей, жей албай калган», - деди ал.

Бишкекте Эрик Шералиевге ыкчам операция жасалып, ага перитонит (ич көңдөйүнө түшкөн ириңдетүүчү микробдордон жана ууландыруучу заттын таасиринен ич челинин сезгениши) деген диагноз коюлган.

«Бул жактагы дарыгерлер: “Мурунку операцияны ким жасаган? Аябай кеч келдиңер” деп айтышты. Агам ден соолугу чың адам болчу. Артында 3-6-8-10 жаштагы 4 баласы калды. Атабыз инсульт болгон. Ага жалгыз уулунун каза болгонун угузган жокпуз. Сопсоо жүргөн баласы каза болгонун айтсак ишенбейт го. Мен агамды акыркы сапарга узатып жаткан күнү Чүй райондук аймактык оорукананын дарыгерине барып, “20 миң сом алдыңыз беле?” десем, “ооба” деп кайтарып берди.

Апам 5 маал намаз окугандыктан, “баламдын көрүн кайра каздырбайм, денесин кестирбейм, эч кимди сотко бербейм” деп койду. Бишкекте операцияга болгону 1190 сом короду. Муну менен Чүй райондук аймактык ооруканасынын дарыгерлеринин чыныгы жүзүн көрсөтөйүн дедим», - деп билдирген “Турмуш сайтына маркумдун карындашы.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер