Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канат Абдрахматов УИАны имараты менен Каныбек Туманбаевге “бөктөрүп бергени” калдыбы?

Канат Абдрахматов УИАны имараты менен Каныбек Туманбаевге “бөктөрүп бергени” калдыбы?

09-апрель, 20:43
761 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов жылдык сессияда академиянын анык мүчөлөрүн “чырпык башын сындырбай басып жүрөсүңөр” деп айыптап, күнөөнү аларга оодарып, өзү суудан кургак чыгууга кылган аракети көпчүлүктүн эсинде. Кызыгы, Канат Абдрахматов “академияда эч ким иштебей эле бекер айлык алып, кыларга иши, саларга кушу жок жүрүшөт” деп бийликке “шыбырап” койгон эмеспи? Айтор, президенттин иш башкармалыгынын мамлекеттик имараттар бөлүмүнүн УИАнын башкы корпусуна көзү түшүп калганбы, тынбай текшерүүлөр болуп, кабинеттердин эсебин алган санакчылар Көкүйдөн илим ордосуна ат тезегин кургатпай каттап калыптыр. Илим менен деле иши жок, акыркы жылдары жазуучулукту кесип кылып алган Канат Абдрахматов кыязы кызмат ордун эптеп сактап калыш үчүн академияны бийлик менен жең ичинен соодалашып, имараттарын “шилтеп” жиберген окшобойбу? Анан калса, анын илимдер академиясын көтөрөйүн, коргоюн деген деле ниети жок, кайдыгер. Ал кабинетинде чыгармаларын жазып, катчы кызы даярдаган кофесин ичип, өзүнө өзү маашыркап отурган кези. Илимдер академиясы болсо чөгүп бараткан кеменин кейпин кийип отурат. “SOS!” деп жардамга чакырып, белги берип, академияны сактап калууга жанталашып, кыйкыра турган киши деле көрүнбөйт. Жыйынтыгында, УИАны имараты менен президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев “бөктөрүп алганы” калдыбы? Бул кыйын чыкты, кызарган жердин баарысын “жайлап” жатат...
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер