Арстан Алай: “Улуулукка өстүрбөгөн бийлик көпкө жашабайт, биз ушуну унутпасак”


-- Арстан иним, бу жолку парламенттик шайлоо тынч өтөбү?
-- Сандаган депуттардын ишине, сөзүнө караганда, Жаңы Кудайдын сөзү, иши артык. Ким президент, ким депутат болуп келбесин, жердик мыйзам ажал, азап гана алып келет. Жаңы Кудайдын мыйзамы мыйзам болот. Шайлоо – энергия, убакыт, акча коротуу.
-- Бийлик өзүнүн партиясын бу жолку парламенттик шайлоого койбойт деп атышат, сиз ушуга ишенесизби?
-- Бу жерде бийликтин партиясы да бир тыйын.
-- Учурда өзүңүз эмне менен алексиз?
-- Мен Кудайлык кызматымды аткарып, дөөгүрсүнгөн бай мамлекеттерге, бай, бий, окмуштуу, диндерге кишен салып, табият аркылуу вирусту куюн, булут аркылуу жазалап жатам. Жаачылар жамгыр жаадыргандай. Жыйынтык чыкпаган бийликтин, парламенттин эч пайдасы жок. Элди улуулукка калыптандырбаса, кырсык, оору, кыйынчылык гана алып келет. Улуулукка өстүрбөгөн бийлик көпкө жашабайт. Биз ушуну унутпасак.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











