Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавирусту жуктургандардын саны 40 миңден ашты

Коронавирусту жуктургандардын саны 40 миңден ашты

10-февраль, 13:16
393 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кытайдын саламаттыкты сактоо мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, 10-февралга караган убакка карата жалпысынан 40 миң 514 киши белгисиз коронавирусту жуктуруп алган. Бул сан күн санап өсүүдө. Ал эми мындан улам каза болгондордун саны 910го жеткен. Ал эми коронавирусту жуктуруп алган 3301 адам айыкканы айтылат.

Белгилей кетсек, АКШнын Балтимор шаарындагы Жонс Хопкинс университетинин алдындагы системалык изилдөө жана инжиринг борборунун окумуштуулары коронавирустун онлайн-картасын иштеп чыгышкан. Ал онлайн-карта аркылуу коронавирусту жугузуп алуу, оорулуулардын айыкканы жана андан улам каза болгондордун статистикасы менен реалдуу убакыт режиминде таанышууга болот. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер