Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нарис Калчаев: “Кумтөр иши боюнча кызыктын баары алдыда...”

Нарис Калчаев: “Кумтөр иши боюнча кызыктын баары алдыда...”

22-апрель, 04:36
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Нарис мырза, Кумтөр кени чындап эле Кыргызстандын менчигине нак өттүбү же?..

-- Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров 4-апрелде түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, Кумтөр алтын кенине ээлик кылуу Кыргызстанга толук жана биротоло өткөнүн, «Центерра» менен болгон талаш-тартышты жыйынтыктаган акыркы чечимге кол коюлганын айтып, жалпы элди улуттук кызыкчылыктын корголуп калышы менен куттуктаган. 

Келишимге кол коюу эки тараптуу болот жана күчүнө кирет. Бирок, аны көрсөтө алышкан жок. Экинчиден, мен муну “Центерранын” сайтына кирип караганда, “Болжолдуу долбоор” деп чыгарышты. Ал долбоор баардык дооматтар алынып салынгандан соң, кыскасы, Кумтөргө байланышкан соттук доо-арыздар жокко чыгарылгандан кийин күчүнө кирет (!) деп шарт коюп атышат. Ал эми Кыргыз өкмөтү тарабынан жарыяланган текстте ал нерсе жок, көрсөтүлбөптүр. 

-- Бу жагы кызык экен...

-- Келишимдердин тексти бул жагдайда “Центерра” менен Кыргыз өкмөтүнүкү эки бөлөк болуп чыгып атат. Эки тараптуу келишимди көрө элекпиз. 

-- Кумтөр кенине байланыштуу экологиялык маселелер, соттошуулар эмне болду?

-- “Кумтөр кениндеги экологиялык жагдай Кыргыз өкмөтүнүн мыйзамдары менен каралат” деп жазылган. Бул боюнча шаардын Октябрь райондук сотуна берип, өзүңүздөр билгендей, 3,5 миллиард АКШ долларын утуп алганбыз. Ошол иш боюнча соттук териштирүү болду. Эң кызык нерсе, белгилүү жана белгисиз себептер менен бир жылдан бери токтоп турган. 4-апрелдеги президенттин элге кайрылуусунан кийин өтө тездик менен күмөндүү жагдайда жанданды. Кечээ биринчи отуруму болду. “Кызыктын баары али алдыда окшойт” деп калдым, күтө туралы... Экинчи отурум 26-апрелге белгиленди.  


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер