Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй келин каза болуп калды

Үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй келин каза болуп калды

13-ноябрь, 16:56
2 014 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аялынын коркунучтуу ооруга чалдыгып, эки жылдан кийин каза болорун уккан сүйүктүүсү анын кыялын орундатууну чечип, колун сураган.

Данияда рак илдетине кабылган аял сүйүктүүсүнө расмий түрдө турмушка чыгып, үлпөт тоюнан 15 мүнөт өтпөй көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Metro басылмасына таянып кабарлаган.

Маалым болгондой, 41 жаштагы Ли Тулин Симосендин мээсинде залалдуу шишик бар экенин дарыгерлер эки жыл мурда эле айтышкан.

"Ошол учурда анын 49 жаштагы Шафф Прабатани менен чогуу жашап жүргөнүнө 10 жыл болгон. Бул жылдар аралыгында ал үлпөт той өткөрүүнү кыялданып, оозунан түшүргөн эмес. Жыл өткөн сайын аялдын көрүүсү начарлап, башы тынбай ооруп турчу. Медиктер ошол жылы аял эки жыл гана өмүр сүрө турганын айтышкан", — деп жазылат маалыматта.

Муну уккандан кийин аялдын сүйүктүүсү анын кыялын орундатууну чечип, колун сураган. Былтыркы жылдын август айында түгөйлөр үйлөнүү тоюн өткөрүшкөнү маалым болду. Тилекке каршы, тойдөн 15 мүнөт өтөөрү менен келинчек көз жумган. Аялынан ажыраган киши үйүнөн анча алыс эмес жерге китепкана ачып, ага аялынын ысымын берген. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер