Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Диний маселеге мамлекет лоялдуу карайт”

Токтогул Какчекеев, саясат талдоочу: “Диний маселеге мамлекет лоялдуу карайт”

11-май, 22:54
526 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соцтармактарда диний радикализмге, ар кандай чакырыктарга үндөгөндөр бар. Күч органдары эмнеге аларга реакция кылышпайт? 

-- Бул маселеге президент жооп берген, аны интернеттен карасаңар болот. Дин бүгүнкү күндө күчөп турат, мамлекет буга лоялдуу карайт. Демек, радикализмге мындай абалда көңүл бурулбайт. Бирок социалдык тармактын коопсуздугуна жооп берүүчүлөр толтура. Дин башкармалыгынан баштап күч органдарына чейин. Негизи, мыйзам дин боюнча түшүнүктүү талап койгон, аны аткаруу парз, же өзгөртүш керек. Бул маселеге Жогорку Кеңеш өзүнүн пикирин айтышы шарт. Мындай орчундуу көйгөй жаралып атса, илен-салаң мамиле кылганга болбойт.

-- “Коомдук жайларда никаб кийбегиле деген тыюу эмнеге күчүнө кирбей жатат? 

-Диний аял кийимине тыюу салынса, аны аткарбагандар мамлекеттин мыйзамын кемсинткени. Мындай абал күчүнө кирсе, фатва менен мамлекеттин шорун катырат. Ушул жол менен Чыгыш өлкөлөрүндө бир канча көңтөрүштөр болгон. Маселен, ошол эле Афганистан. Динге берилгендер мусулман бир тууганчылыктын таасиринде. Демек, андай тартипти мамлекет кызматындагы мусулман тыюу салуудан баш тартат. Акыры мусулмандын мамлекетчилигине жол ачылабы? Бул өтө татаал маселе.    


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер