Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Үч сом бер... Үч сом бер!”

“Үч сом бер... Үч сом бер!”

08-ноябрь, 14:27
551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

1-ноябрдан тартып жол кире акысы кымбаттаганы карапайым адамдардын, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн чөнтөгүнө бир топ эле оорчулук жаратты. Окуучу кызым жол кире тууралуу жолдон көргөн көрүнүшүн айтып таңгалганын жашырбады.

“1-ноябрь күнү сабакка шашылып, таңкы жетиде демейдегидей троллейбуска түштүм. Кабардар болгондуктан даярдап алган жол кире акымды төлөп, жогору өтүп кеттим. Бирок жол кире кымбаттаганын элдин баары эле биле бербейт экен. Кирип келип эле жүргүнчүлөр 8 сом төлөп алып жатышты. Бул көрүнүшкө жинденген айдоочу “үч сом бер, үч сом бер деп” жаңырта кыйкыртып баратты. Жүргүнчүлөр шашкалактап үч сом таап төлөгүчө кийинки аялдамага жетип бардык. Кайрадан айрым жүргүнчүлөр жол кире акысын билбей, 8 сом төлөп,  айдоочу кайрадан жинденип, “үч сом бер, үч сом бер” деп кыйкыра баштады. Ар бир аялдамада бул көрүнүш кайталана берди. Жол кире акысын алдын ала билип албаганга жинденген айдоочу тоону көздөй кой жүктөп бараткандай улкуп-жулкуп айдап, жүргүнчүлөр бир ары тарапка, бир берки тарапка ооп жыгылып кала жаздап, жетер жерлерине араң жетип жатышты” дейт. 

Коомдук транспорттордо айрыкча окуучуларга жүрөк ооруйт. Айдоочулар болушунча үстү-үстүнө салышат. Баталбай кыйналып жаткандарына оройлонуп кыйкыргандары канча? Коркунуч жараткан ковид, аралыкты сактоо кайда? Окуучулар ар бир күнү ушундай  кыйынчылык менен сабакка барып келишет. Бул абал качан жөнгө салынып, балдарыбыз качан тыгылбай, бактылуу жылмайып коомдук транспортто кенен кесири жүрө алышат? Мындай көйгөлөр баштан ашат. Аткаминерлер болсо жүрөк айныткан убадалар менен өздөрүн байдын кызындай мактатып, мактоолорго маашырланып отурушат. Балдарды ушундай азапка салган жашоодон ким уялат? Ким качан кантип кам көрөт? 

Негедир айдоочунун “үч сом бер... үч сом бер” деген үнү кулагыма жаңырат.  Төмөндө акын Бурулкан Карагулова эже да көйгөйдүдү ачып даана жазып көрсөткөн.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер