Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын чет элдик жаран ээлеп алдыбы?

“Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасын чет элдик жаран ээлеп алдыбы?

08-апрель, 11:06
862 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жалпы элдин көңүлүнөн сырткары кеткен маалымат өлкө бюджети үчүн олуттуу көйгөйлөрдү жаратат. Ушул жылдын 12-февралында “Кыргызалтындын” мурдагы башчысы Элмырза Укубаевдин камакка алынышы тууралуу ызы-чуу баарынын эсинде. Аны УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармашкан. 

УКМКнын маалыматы боюнча, алтын өндүрүүчү ишканалардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн “кызматтан кетирем” деген коркутуу менен Укубаев анын маянасынын бир бөлүгүн берип турууну талап кылып келгени кабарланган.

Укубаевдин креслосу муздай электе эле “Кыргызалтындын” ичинде дагы жаңы жаңжал тутана баштагандай. Ал мурункуга караганда кызыктуу болорунда шек жок.

Март айынын башында Маратбек Чолпонкулов “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын жаңы төрагасы болуп дайындалганын компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Чолпонкуловдун фигурасы коомчулук үчүн анчалык деле кызыгуу жаратпайт. Маселе аны жамаатка ким жана кандайча сунуш кылып, тааныштырганында. Баса, “Кыргызалтындын” басма сөз кызматы бул боюнча үн катпаганы бекеринен эместей. 

Өздүк булактардын айтымында, Чолпонкуловду жамаатка тааныштырууда Тенгиз Бөлтүрүктөн башка эч ким катышкан эмес. Ал жаңы башчыны жөн эле тааныштырбастан “Чолпонкулов менин кадрым” дегени кандай?

Тенгиз Бөлтүрүк – “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөсү, Канаданын жараны катары маалымдалса, аныгында, кыргыз тараптын кызыкчылыгын коргой турганын кандайча түшүнөбүз? Белгилей кетчү маанилүү нерсе, “Центерра Голддун” директорлор кеңешинин кыргызстандык мүчөлөрү бул эл аралык компаниянын ири пакет ээси болгон “Кыргызалтын” ААК алдында гана отчет беришет.

Бөлтүрүктүн ишин жана кабыл алган чечимдерин көзөмөлдөй турган “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчилигине толугу менен өзүнө баш ийген аткаминерди алып келүүсү, тескерисинче, стратегиялык ири мекеме эми толугу менен Канаданын жаранына баш ийип, анын чечимдеринен көз каранды болуп калуусун билдиреби?

Мындай “кадрдык тандемдин” натыйжалары азыртан эле байкала баштады. Бөлтүрүк мырза жумушка келип, “Кыргызалтындын” директорлор кеңешинин жаңы төрагасынын кабинетин ээлеп алганы эмнеси? Ал кесипкөйлүгү менен тажрыйбасына карабастан, баардык жетекчилик кызматтарга өз адамдарын дайындай баштаганы айтылууда.

Мындан сырткары, өзүнүн ээлген кызмат статусуна тийешеси жок документтерди суратып, таанышып атканы кандай? Бул сырдын түйүнүн чечүү маанилүү, андыктан, “жеке кызыкчылыктардын” жең ичиндеги былыктары жакын арада ачыкталары күтүлүүдө...

“Кыргызалтын” стратегиялык ишкана экендиги, анын ишин мамлекеттик мүлк фонду көзөмөлгө алары белгилүү. Өлкө мыйзамдарына, кабыл алынган баардык жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык маммүлктүн жетекчилиги жаңы төраганы бекитип, жамаатка сунушташы керек. 

Эми кырдаалдын мындан ары кандай өңүттө өнүгүшүнө көз салып турабыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер