Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Орозо бүтсө, Урмат байке менен тоодон таанышмай болдум...

Орозо бүтсө, Урмат байке менен тоодон таанышмай болдум...

18-апрель, 20:42
1 693 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевге!)

Курбу кызым бизнесмен жигит менен сүйлөшүп жүрөт. Экөөнүн ынтымагы аябай жакшы. Азырынча баш кошо элек. Жигити өзүнөн көп жаш улуу. Биз бир жолу жолуктук. Орой сүйлөгөн, мактанчаак экен. Сүрөттөрүн көрсөтүп жатып, “Чемпионду” көрдүңөрбү? Бул менин досум. Токмок шаарынын мэри!” деди. Ал күн сонун өттү... Анан жаңылык тартуулаган адамга кызыга баштадым. Толмоч келген, кара көздүү, өңдүү жүзгө арбалдым. Аты-жөнүн толук билсем – Урмат Самаев! Интернеттен маалымат чогултуп, баарын окуп чыктым. Мурда депутат болуптур. Курбу кызым “Урмат байке менен тааныштырам. Акчасы көп, чоңдор менен мамилеси жакшы” деп кызыктырып койду. Орозо бүтсө тоого чыгып, эс алып келүүнү пландап жатабыз. Ошондо Урмат байке биз менен бирге барарын курбу кызым айтты. Өзүмчө кубанып, тынчсызданып, күтө баштадым. Чын эле Урмат байкени жакшы көрүп калдымбы? Эмнегедир ага өзүмдү арнап, бирге болууну кыялданып жатам...


Алия, 23 жашта 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер