Кайсы системаны караба -- чыр-чатак, элдин убалы кимге?

Айыл чарба тармагындагы башкаруу көп жылдардан бери оңолбой, бүгүн да эки жаат болгон кызматкерлердин кайым айтышуусуна күбө болдук. Кыргыз илим изилдөө дыйканчылык институтунун башкы директору Жамин Акималиевдин айланасында чыр чыкты, эки жаатка бөлүнгөн топтордун кармашуусуна чекит коюлбайбы?..
Мындан да кейиштүү көрүнүштү алсак, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Мирбек Асананкуновдун кабинетинен жаңжалдашкандар коомчулуктун үрөйүн учурушту. Бул жакта да коллективдин экиге бөлүнүүсү, соттошуулар, акырында этикадан сырт кайым айтышууларга барышты. КПФны Мирбек Асанакунов жетектегени ийгилигин көрө алган жокпуз, Рыскелди Момбеков айткандай, “итчилигине” башыбыз катып келатат...
Жерүй кенинде болсо, Чубактын кунундай болгон чатактын аягы басылчудай эмес. Бул алкактан алганда, элдин таламын талашып, мамлекетке тийгизген кесептин айтып чыккан Айбек Мырза өмүрүнө коркунуч туулганын жар салды.
Айтор, мындай көйгөйлөр көпчүлүк системада болуп атканы өкүнүчтүү. Өкмөт башчы Абылгазиев экономиканы көтөрүүгө, өндүрүштү жандардырууга шайы келбейт экен. Жок дегенде тартипти камсыздап берсе болбойбу? Качан караба актанып отурушат! Же сөссүз эле чыдамы кеткен эл көтөрүлүшү керекпи? Ансыз да митингдерден сактанып, коркуп жашап атышат го?..
Aryba.kg